Жалал-Абад облусунда жарым метр кар жаап, жол кыймылына тоскоолдук жаратты

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-февралда Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында калыңдыгы 45-50 сантиметрге чейин кар жаап, бийик тоолуу автотрассадагы кыймылга тоскоолдук жаратты.

БИШКЕК, 13-фев — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Жаңыбазар – Кировка автожолунун 60-100-чакырымдарында жана Красная горка – Акташ авто жолунда 12-февраль күнү кечке жуук калыңдыгы 50 сантиметрге чейин кар жааган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы Sputnik сайтына билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Ала-Бука – Жаңыбазар – Кировка авто жолу кардан тазаланып, жол кыймылы жөнгө салынды. Бирок, Красная горка – Акташ авто жолунда тазалоо иштери улантылып жаткандыктан автоунаанын кыймылына тоскоолдуктар болууда.

Транспорт министрлиги тазалоо иштери боюнча жана жолдогу кыймыл боюнча кошумча маалымат берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0