"Пендечилик" кылган журналисттерди депутаттар ЖКга киргизбөөнү сунушташты

Жазылуу
ЖК жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Надира Нарматова "депутаттарды мазактап, өздөрүн туура эмес алып жүргөн" журналисттерди аккредитациядан ажыратыш керектигин айтты.

БИШКЕК, 12-фев — Sputnik. Депутаттарды мазактаган журналисттерди парламентке киргизбеш керек деп бүгүн "Ата-Журт" фракциясынан шайланган вице-спикер Надира Нарматова айтты. 

Анын айтымында, ЖМК өкүлдөрү депутаттар туурасында эл арасында терс пикирлерди жаратууда. 

"Эмне үчүн ЖМКлардын жазгандары көзөмөлдөнбөйт. Алардын стажын, тажрыйбасын жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүн текшерүү керек. Мен жакында кыргызча "эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген макалды айтсам, аны орусча бергенде мааниси такыр өзгөрүп кетиптир. Ал эми бир гезит мен жөнүндө коллаж жасаптыр", — деп нааразы болду депутат. 

Бул боюнча өз пикирин медиа-эксперт, "Журналисттер" Коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев билдирди.

"Биринчиден, депутат муну соттук тартипте журналисттин күнөөсүн далилдеши керек. Экинчиден, КРдин ар атуулу бул же тигил мамлекеттик бийлик органынан маалымат алууга укутуу экендигин көрсөткөн мыйзам бар.Эгерде парламент дайыма эле журналисттерге нааразы боло берсе, алар ЖКнын ишмердүүлүгүн чагылдыруудан баш тартышы мүмкүн. Андай учурда парламентарийлердин кантип иштеп жаткандыгы боюнча эл маалыматты кайдан алат? Ал эми азыркы жагдайда бул болгону бир эле депутаттын пикири, ал парламенттин жалпы чечимине таасир тийгизе албайт", — дейт Токоев.

"Кээде ЖМКлар адашып, пендечилик кылып жатат"

Бул депуттарга парламентарийлердин нааразы болуп жаткан биринчи учуру эмес. Буга чейин ЖК депутаты менен бир маалымат агенттигинин журналистинин соттошуусу алигиче аягына чыкпай келет. ЖКнын ишмердүүлүгүн чагылдыруучу аккердитациядан ажыратуу боюнча нааразычылык буга чейин да бир нече айтылган.

Ал эми жакында биринчи-веце-преьер-министр Тайырбек Сарпашевдин Ош облустук коллегиясында айткандары боюнча коомчулукта чоң сөз болуп, анын себебин атка минер маалымат орус тилине туура эмес которулуп калгандыктан, мааниси өзгөрүп кетти деп билдирген. Бул туурасында ЖКда депутаттар кызыл-чеке болуп жатканда вице-спикер Зулпукар Төрөбаев "кээде ЖМКлар адашып, пендечилик кылып жатат " деп, парламентарийлерди сабырдуулукка чакырган жайы бар.

Мындан эки апта мурун, тагыраагы 3-февралда өлкөнүн Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов ЖМКга чыккан материалдын чуусу менен ишинен кетти. Бул жагдайды депутаттар ЖКнын деңгээлинде көпчүлүк коалициянын жыйынында карап жибергенге да үлгүрүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0