Сарпашев: Оштогу коллегияда айткан сөзүмдү туура эмес которуп салышкан

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Тайырбек Сарпашев
Первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Тайырбек Сарпашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сарпашев коопсуздук боюнча Оштогу коллегияда айтылган сөзүн журналисттер туура эмес түшүнүп алгандыктан, коомчулукка туура эмес мааалымат кетип калгандыгын айтты.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында бир катар депутттар биринчи вице-премьер-министр Тыйырбек Сарпашевдин 2-февралда Ош облустук администрициясынын коллегиясында айткан сөзү боюнча анын түшүндүрмөсүн угушту. 

Сарпашев ал жерде Өкмөт тарабынан сунушталган 10 маселе каралгандыгын, ал КРдин ЕАЭБге кирүүгө даярдыгы, жазгы талаа-жумуштары, суу боюнча суроолор көтөрүлүп, жакындап келе жаткан парламенттик шайлоо боюнча жергиликтүү бийликтерге тизмени так түзүү боюнча тапшырмалар берилгендигин айтты. Улут аралык маселелерди жакшыраак карагыла дегендигин айтып, коопсуздук боюнча айтылган сөз орусчага туура эмес мааниде которулуп калгандыгын билдирди.

"Парламенттин трибунасында айтылып калгандыктан, түшүндүрмө берип коёюн. Урматтуу жетекчилер, бул жерде Ош облусунун эң таасирдүү адамдары отурасыздар. Келе жаткан парламенттик шайлоого ынтымак менен өткөргөнгө бардык күчүбүздү жумшайлы, таразабыз так болсун. 2010-жылы кудай сактады. Бүгүн Луганск менен Донецк эмне болуп жатканын көрүп жатасыздар, ошондуктан бардыгыбыз чымырканып ынтымактуу өткөрөлү деген сөз болгон. Орусчасында так эместик кетип калыптыр, аны ошондо эле дароо айткан элем", — деди депутаттардын алдында түшүндүрмө берген биринчи вице-премьер-министр.

ЖКнын 4-5-февралдагы пленардык жыйынында бир катар депутаттар биринчи вице-премьер-министр Сарпашевдин Ош облусунун аталган аймактары боюнча айткандарын саясий катачылык деп баалап, парламентке келип, түшүндүрмө берүүсүн талап кылышкан.  

Жаңылыктар түрмөгү
0