БИШКЕК, 11 фев — Sputnik. Кытай Евразиялык экономикалык биримдик менен эркин соода аймагын түзүүнү каалай тургандыгын билдирди деп айтты РИА Новости менен маегинде Россиянын КЭРдеги элчиси Андрей Денисов.
Анын айтымында, Кытай өкүлдөрү алгач ЕАЭБ менен КЭРдин биргелешип иш алып баруу процессине ишенбестик кылышкан.
"Жөн эле алар мунун иштей турганына ынанышы керек болчу. Азыр болсо Казакстан, Беларуссия, Россия, Армения, келечекте Кыргызстан менен өз ара аракеттешүүлөрдү өз-өзүнчө жөнгө салууга эмес, жалпы биримдик менен мамиле түзүүгө кызыгып жатат. Ал тургай, менин билишимче, ЕАЭБ мүчөлөрүнө келечекте эркин соода аймагын түзүү жөнүндө ойлонууну сунуштады", — деп белгиледи Денисов.
Россиянын Кытайдагы дипломатиялык миссия башчысы мындай интеграция келечекте гана болушу мүмкүн, бирок "бул күн тартибинде турган маселе" деп кошумчалады.
"Кызматташуунун жол-жоболорун келиштирүү жөнүндө азыртан эле сөз болууда", — деп кебин жыйынтыктады элчи.
ЕАЭБнын КЭР менен интеграциясы жөнүндө ойду кыргызстандык экономикалык маселелер боюнча эксперт Сергей Пономарев да колдоду. Анын пикиринде, Кытайды ЕАЭБ сунуштай ала турган 180 миллиондук товарлар менен кызматтар рыногу кызыктырат.
Экономикалык чектерди кеңейтүү биримдикке мүчө өлкөлөрдүн экономикаларына оң таасирин гана тийгизет, ал эми интеграция экономикалык мамилелердин өрчүбөй калышынан оолак болууга жардам берет.
"Кыргызстан өзүнөн өзү Кытайды анча деле кызыктырбайт, ал Казакстан менен Россиянын рыногу менен бирге гана маанилүү болот", — дейт Пономарев.
Серепчи Кытайдын Евразиялык экономикалык биримдик менен интерациясы — "келечекте ишке ашырыла турган" идея деп кошумчалады.
"Бул маселени үч-беш жылдан кийин, ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин экономикалары айкын чектерге ээ болгондо караш керек", — деп баса белгиледи Пономарев.
Интеграция шарттары бардык тараптар үчүн тең болушу керек, антпесе анын эч мааниси жок деп кошумчалады ал.
"Эгер бир өнөктөш күлдү өз көмөчүнө тартса, экинчиси куру жалак калат жана биргелешкен из токтоп калышы толук ыктымал. Ошондуктан бардыгы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө белгилүү бир убакыт жана күч-аракеттер талап кылынат. Мындан тышкары, саясат экономиканын уландысы экенине карабай, буга кийлигишпеши керек", — деп эсептейт Пономарев.
Экономист ЕАЭБ ушундай шериктештикти сунуш кылыш мүмкүн болгон башка аймактар менен интеграциялашуу жөнүндө да ойлонушу керек деп эсептейт. Андай өлкөлөрдүн катарында Индияны, Иранды, Жакынкы Чыгыш жана Латын Америка өлкөлөрүн атоого болот.