00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
В КР ужесточили ответственность за нарушения при хранении персональных данных. Кого могут наказать?
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Россиянын академиясынан билим алган кыргыз аткаминерлери. Мэрлер эмнени окуп келишти?
09:03
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Права под защитой? Омбудсмен — о самых острых жалобах кыргызстанцев
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ишкерликти колдоо. Мамлекет аял ишкерлер менен чакан жана орто бизнести колдоого алат. Долбоордун шарты
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Зарплаты выше, планка тоже: что даёт нацстатус вузу культуры и искусств
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Пушкиндин чыгармалары кайсы заман болбосун актуалдуу, тили да түшүнүктүү
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
On air
16:04
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Белгилүү комузчунун уулу, Жекшен Карамолдоев согушка кенже лейтенант наамы менен катышкан
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
On air
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кыргызстанда сумонун келечеги барбы — биринчи жолу кыздар курамасы дүйнө чемпионатына катышат
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Новые правила аренды: что грозит тем, кто сдает жильё «по доверенности»
20:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Деңиз мышыгы" Майлз бизге эмне алып келер экен? деген суроону берет серепчи

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАрхив. "Манас" аэропортундагы АКШнын базасы
Архив. Манас аэропортундагы АКШнын базасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү талдоочу Марс Сариевдин пикиринде "пенсионер" Ричард М.Майлздын АКШ иштери боюнча убактылуу ишенимдүү адамы болуп дайындалышы кокусунан эмес жана Кыргызстан үчүн белгилүү бир коркунучтарды жаратат.

БИШКЕК, 6-фев — Sputnik. "Далил плюс" серепчилер клубунун талдоочусу Марс Сариев АКШнын Кыргызстанда убактылуу ишенимдүү адамы болуп Ричард М.Майлздын дайындалышын "таң калыштуу" жана кооптондуруучу факт деп эсептейт.

Деги эле кызматка дайындоо — өтө жооптуу кадам, ал эми муну АКШ кылып жаткан болсо, мунун өтө терең геосаясий мааниси бар.

БЧБнын директорлугуна Югославиядагы окуялардан бир жыл мурун Жорж Тенеттин дайындалышын алып көрөлү. Бир караганда, кадыресе эле көрүнүш. Анын үстүнө, ал улуту боюнча албан. Бирок кийин эмне болгону баарына маалым. 

АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси болуп Ричард М.Майлз дайындалды
Ал эми элчилерин карап көрсөк, демократия, диктаторлукка каршы кыймылдар жана ынкылаптар боюнча белгилүү адис Майкл Макфолдун 2012-2014-жылдары Россияда иши айкын мисал болот. Кызыктуусу, дал ушул жылдары "Навальныйлар" менен "Болотная аянттары" пайда болгон.

Өткөн жылдын апрелинде Кыргызстанга АКШнын мамлекетти катчысынын атайын жардамчысы, бул кызматка андан бир жыл мурун дайындалган Ниши Десаи Бисвал келип кеткен эле. Жана көпчүлүк серепчилердин баалары боюнча, анын өлкөгө келишинин максаты "украин окуялары" боюнча БАдагы маанайларды жана аймактын лидерлеринин көз караштарын билип, ошондой эле алардын евразиялык интеграциялоо процессине карата ниеттерин билүү болчу. Бул суроо, айрыкча Кыргызстан ЕАЭБнын курамына кирип жатышын эске алганда, өтө "кызыктуу".

Ричард М.Майлздын дайындалышы жок эле дегенде "таң калыштуу" жана көп суроолорду жаратат. Мисалы, пенсия курагындагы улгайып эле калган адамды жылуу жеринен козгоп, алыскы кичинекей Кыргызстанга жиберип эмне кереги бар?

Майлз ардактуу эс алууга эки жолу кеткен. 2005-жылы ал кызматтан кетүүгө арыз берип, бирок үч жылдан кийин аны дагы эле убактылуу ишеним көрсөтүлгөн адам кылып Түркмөнстанга дайындашкан. Азия аймагында иштегенден кийин ал тынч эле ишинен кеткен, эми, эмнеге экени белгисиз, бизге кайра келе жатат.

Кокустукпу? Менимче, кокустук эмес. Америкада кесипкөй кадрлар жетпей жатабы? Бул да чындыкка окшобойт.

Эми, келгиле, Майлздын өмүр баянын карап көрөлү. Ал деңиз жөө аскерлеринин катарында кызмат өтөгөн мурдагы аскер кызматчысы. "Деңиз мышыктарынын" катарынан чыккан дипломат — сейрек көрүнүш. Дал ушул факт жана ал дипломат болуп иштеген өлкөлөрдө "жагдайга байланыштуу" кескин өзгөрүүлөрдүн болушу кооптонууну жарат.

Майлз Азербайжанда биринчи президент "аргасыздан кетип", мурдагы диссидент жана Россияга каршы маанайдагы саясатчы, КМШда интеграциялык процесстерге каршы болгон Абульфаз Эльчибей шайланып өлкөнү башкарып турган мезгилде АКШнын элчиси болуп турган. Таң каларлык, бирок факт. Майлз башка ишке которулушу менен Эльчибей мамлекет башчылыгынан дароо алынган.

Элчи болуп Югославияда 1996-1999-жылдары иштеди. Эсиңерде болсо, 1999-жылы бул мамлекетти НАТОнун күчтөрү бомбалоону баштаган. Кокустукпу? Менимче, мыйзам ченемдүүлүк.

Текебаев "Ислам мамлекети" уюмунун террористтери өлкөгө кирип келиши мүмкүн дейт
Курулай дүрбөлөңчү көрүнбөйүн, бирок Вашингтон пландаган эми Борбордук Азиядагы абалдын курчушуна аз калды. Буга Кыргызстандын интеграциялык процесстерге катышуусу жана америкалык базаны ишенимдүү чыгарып жибериши себеп. Бул окуялар океандын ары жагында кимдир бирөөнүн тынчын аябай алып жатат.

2005-жылдын жаз мезгилиндеги окуяларды жана 2010-жылдын кайра эле жазындагы "оюндарды" эске салуу жетиштүү болот. Экөөндө тең Ак үйдүн таасирин жана башкы "ролун" четке кагууга болбойт. Жана эми туура дагы беш жылдан кийин күн жылыйын деп калганда бизге мейманга "деңиз мышыгы" келе жатат. Өзүнчө эле бир америкачасынан "беш жылдык" болуп калды. 

Бул эмне? Дагы эле кокустукпу? "Океандын аркы жээгинен бул аке эмне алып келет — "демократия" жөнүндө "тасмалардын" сценарийлериби же "Ислам мамлекетинин" апельсин түсүндөгү "коркунучтарбы?" 

БАга америкалыктардын кызыгуусунун күч алышын алардын украиналык "чочко майына" көңүлдөрү сууп калгандыгы ырастап турат. Менин көз карашымда, Украинанын жерин кайра бөлүштүрүү ишке ашты, жана бул "шишик жара" дагы көпкө чейин Европанын тынчын алган оору болот.

Биз экинчи Югославияга же Приднестровьеге айланып калбаш үчүн, кандай гана абалда болбойлу, акыл-эстүүлүккө жана сабырдуулукка таянуу менен ички да, тышкы да саясатыбызды жакшы таразалап жүргүзүшүбүз керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0