Султанбек Жумагулов. Өмүр баяны

© Фото / Пресс-служба КТРК / ktrk.kgАрхив: гендиректор Общественной телерадиокорпорации Султан Жумагулов
Архив: гендиректор Общественной телерадиокорпорации Султан Жумагулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Султанбек Жумагуловдун өмүр баянын Sputnik даярдаган таржымалдан таанышыңыз.

Султанбек Жумагулов 1959 — жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Жогорку билимдүү, 1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1991-1993-жылдары "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редакторунун орун басары.
  • 1993-1995–жылдары "Kyrgyzstan Chronikle" гезитинде баяндамачы.
  • 1995-2000-жылдары "Асаба" гезитинин баяндамачысы.
  • 2000-2009-жылдары ВВС Британ радиосунун кыргыз кызматында кабарчы жана улук кабарчы болуп эмгектенген.
  • 2009-2010-жылдары КР президентинин катчылыгынын аналитикалык кызматын жетектеген.
  • 2010-2013-жылдары "Азаттык–Медиа" мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин директору;
  • 2013-2014-жылдары ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп иштеген;
  • 2014-жылдын 1-августунан баштап КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу; 
  • 2014-жылдын 23-ноябрында КТРКнын башкы директорлугуна дайындалган;
  • 2015-жылдын 6-февралында КТРКнын башкы директорлугунан бошотулган;
  • Президенттик аппаратта иштеп, 2017-жылы маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган.
  • 2018-жылдын 8-октябрында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Маалымат ачык интернет ресурстарынан даярдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0