БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. Эгиз ымыркайлардын жылтырак баштыкка оролгон өлүгү Улуттук госпиталдын аймагынан табылгандыгын ШИИБдин маалымат кызматы Sputnik маалымат сайтынын кабарчысына билдирди.
"Балдардын айына жетпей, ара төрөлгөндүгү аныкталды. Болжол менен бөбөктөр, кыз жана эркек, 5-6 айлык болуп жарыкка келген. Биринчи Май районунун ИИБинин ыкчам кызматкерлери экспертиза кылуу үчүн балдарды өлүкканага жеткирди", — деп билдирди аталган маалымат кызматынан.
Иликтөөлөрдүн алдын ала билдирүүсүнө караганда, бөбөктөр Улуттук госпиталдын аймагында жашыруун төрөтүлүшү мүмкүн. Учурда Биринчи Май районунун ИИБинин ыкчам кызматкерлери бөбөктөрдүн энесин издеп баштады.