Леонид Сумароков, тарыхчы
Эстафета мурдагы Советтер Союзун чек арасын бойлой эки багытта жүрөт. Биринчи жүрүш Беларуссия, Россия жана Армения; ал эми экинчи жүрүш Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан аркылуу өтөт. Эстафета 28-майда Москвада Поклонная дөбөчөсүндө аяктайт.
Жеңиш эстафетасынын максаты эң актуалдуу жана гумандуу: Улу Ата Мекендик согуш учурунда чек арачылардын эрдигин түбөлүк эсте сактап калуу, Шериктештиктин азыркы чек ара сакчыларын жеңүүчүлөрдүн муундарынын салтында тарбиялоо, бир тууган өлкөлөрдүн биримдигин чыңоо жана чек ара коопсуздугун камсыз кылууда алардын көмөк көрсөтүүлөрүн жандандыруу болуп эсептелет.
Улуу жеңиштин 70 жылдыгынын алдында Евразиялык экономикалык биримдикке кошулууну пландап жаткан Кыргызстан үчүн бул максаттарга жетишүү зор мааниге ээ, себеби республика евразиялык мейкиндиктин түштүк-чыгышындагы алдынкы постко айланууда. Ошондуктан 2-майда анын чек арасына Жеңиш эстафетасынын келиши олуттуу жана мезгилге ылайык келген окуя.
Кыргызстандыктарга Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы чек арачылардын үлгүсүнө негизделген атуулдук иш-чара жеңишке жетүүдө биримдиктин ролун эске салышы керек. Ал эми алдыда жеңиштер көп болот деген үмүт бар.
Мураска калган салттар
Эстафета атуулдук иш-чара катары — чек ара аскерлеринин мурдатан келе жаткан салты. Бардык учурда руханий мааниге ээ болуу менен ал мамлекеттик чек араны коргоодо жоокерлердин моралдык ички күч-кубатын бекемдөөгө багытталган. Мисалы, 1960-жылы КПССтин XXII съездине карата СССРдин мамлекеттик чек арасын бойлой Бүткүл союздук комсомолдук-жаштар эстафетасы өткөн.
1963-жылы апрель-май айларында "СССРдин чек арасын бүтүндөй совет эли коргойт" деген ураан астында чек ара аскерлеринин 45 жылдыгына арналган СССРдин мамлекеттик чек арасын бойлой Бүткүл союздук комсомолдук-жаштар эстафетасы өткөн. Эки акция тең чек ара кызматын сак жүргүзүүнү жана чек арачылардын жергиликтүү калк менен ынтымакташтыгын жана ишмердик байланыштарын бекемдөөнү көздөгөн эле.
Советтик доордон кийинки мезгилде эстафета Улуу Ата Мекендик согушта жеңиштин 50-жылдыгын белгилөө алдында кайра жанданган. Ал иш-чара Тажикстанда абал өтө курчуп турган шартта өткөн. Ошентсе да, ал тажик-афган чек арасын бойлой өтүп, эстафета Россия Федерациясынын Кыргызстандагы чек арачылар тобуна тапшырылган. Бул Шериктештиктин чек арачыларынын күжүрмөн салттары муундан-муунга берилип келе жаткандыгын дагы бир жолу көрсөткөн болчу.
Мурдагы муундардын алдында өз жоопкерчилиги сезген жана өзүнө калтырылган мындай мураска сыймыктануу менен мамиле кылган кыргыз чек арачылары 2000-жылдан тартып Жеңиш күнүн эстафета өткөрүү менен белгилөө салтын колдоого алып, ар дайым муну көркөм, салтанаттуу жана пайдалуу өткөрүп келет.
Чек ара баатырларынын өлкөсүндө
Чындыгында башкача болушу мүмкүн эмес эле: мурдагы муундар кызматты жакшы билишкен жана азыркы чек ара жоокерлерине бай мурас даярдап калтырышкан.
Кыргызстандагы чек ара кызматынын тарыхын четин ачып караса эле, баары түшүнүктүү болот: республика — чыныгы чек ара эрдиги жасалып жаткан өлкө, ал эми Тянь-Шандагы чек ара — чек ара даңкынын эстелиги. Тарбия берүү жана бириктирүү үчүн мындан да күчтүү негизди элестетүү кыйын. Бул жерде кылым бою калыптанган руханий адеп-ахлак байлыктарынын аркасында чек арачылардын бир нече мууну жеңишке жетишип келген. Буга Улуу Ата Мекендик катышуу күбө болгон. Орто Азияда катаал чек ара мектебинен өткөн көптөгөн кыргызстандык чек арачылар согуш алдында өз кызмат ордун алмаштырып, батыш чек арасына келишкен.
Алардын күжүрмөн согуш тажрыйбасы зор болчу. Борис Васильев 1933-жылы Бүткүл союздук "Москва — Каракум — Москва" авто жүрүшүн камсыз кылып, андан соң Таш-Рабат (Нарын) чек ара комендатурасын жетектеп Тянь-Шандагы басмачылык менен акыркы күрөш жүргүзгөн.
Каракум таасында жана Памир менен Тянь-Шандын тоо үңкүрлөрүндө басмачылар менен кармашта Жаманкул Женчураевдин күжүрмөн эрки такшалган.
Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи эле таңында фашисттер Прут аркылуу уурданып өтүп, Румыния менен болгон чек араны кайтаруучу 79-Измаил чек ара курамынын чек ара заставаларына күтүүсүздөн кол салышкан. Кандуу кармаш башталып, 26-июнь күнү таңда чек арачылар Кызыл аскердин бөлүктөрү менен бирге жээктеги артиллериянын колдоосу астында душмандын аймагында калк отурукташкан бир нече жерди тартып алуу менен чек ара кемелери менен румын жээгине бет алышкан.
Чек ара отрядын Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты Савва Грачев жетектеген.
1941-жылдын 22-июнунда мамлекеттик чек арада болгон алгачкы согуштар биз жеңе тургандыгыбызды, жеңиш акыры биздики болорун көрсөткөн!
Бул күндү Жаманкул Женчураев Бресттин алдында тозду, ал эми 1941-жылдын декабрында Москва алдындагы согушта анын командалыгы астындагы чек арачылардын бөлүгү немистердин оругунда душмандын гарнизонун жок кылып, өз эрдигин россиялык жана кыргыз чек арачыларынын тарыхында түбөлүк калтырды.
Германиянын кол салуусу СССРдин чыгыш четиндеги абалды курчутту. Афган аскерлери совет аймагына аскердик жүрүш жасоо планын иштеп чыккан. Алар Кызыл Аскердин көпчүлүк бөлүгү Орто Азиядан батыш фронтко которулат деп болжошкон эле.
1941-жылы ноябрда Афганистандын премьер-министри совет-афган чек ара аймагындагы эмигранттардын түзүмдөрүнө курал берүү жөнүндө буйрук берген. 1943-1944-жылдары Батыш Кытай менен чек арада кырдаал курчуп, провокациялар болгон. Согуштун башынан аягына чейин аймакта немис, япон чалгынчылары иштеген. 1942-жылы Каракол чек ара комендатурасына караштуу жерде төрт немис тыңчысы кармалган. Согуш мезгилине эки немис тыңчысын Нарын чек арачылары кармаган.
Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара аймактарында кырдаал курч болгон. Согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып ал жерде Кызыл Аскерге баруудан качкан жергиликтүү тургундар отурукташа баштаган. Алардын көпчүлүгү жашырынып алып, кылмыштуу топторго биригип, куралданып, кампаларга, дүкөндөргө, колхоздорго кол салып, террористтик акттарды жүргүзүшкөн. Жасаган кылмышы үчүн жооп берүүдөн коркуп, бул топтор чек ара аркылуу Афганистанга жана Батыш Кытайга өтүп кетүүгө аракет кылышкан.
1942-1943-жылдары Алай-Гүлчө чек ара комендатурасынын карамагындагы тилкеде чек арачылар 507 мамлекеттик чек араны бузуучуларды кармаган.
Согуш алдындагы жылдары Чыгыш Памирге кол салып келишкен ар түрдүү сандагы кылмыштуу топтор согуштун башталышы менен кайра жандана баштаган.
1942-жылдын 10-21-сентябрында чек арачылар Гүлчөдөн алыс эмес жерде аракет жүргүзүүчү кылмыштуу топту жок кылуу боюнча чараларды көрүшкөн. 18-октябрда аталган топ жок кылынып, 64 бандит, анын ичинде афганистандык башчысы, өлтүрүлгөн. Бул окуя жалгыз болгон эмес.
Чек арачылар улам фронтко жөнөтүлүп отуруп, СССРдин чек арасын Кыргызстандын чегинде коргоо жеке курамынын кескин кыскарып турган шартында жүргүзүлгөн. Алгачкы ыктыярчылар фронтко 1941-жылдын июнунун аягында жөнөтүлгөн. Согуш мезгилинде Алай-Гүлчө жана Таш-Рабат чек ара комендатураларынан эле фронтко 1 миң 19 чек арачы жөнөтүлгөн.
Алай-Гүлчө жана Каракол чек ара комендатураларынын тарбиялануучулары Алексей Баксов менен Матвей Меркулов немис баскынчылары менен кармашта көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн Советтер Союзунун баатыры наамын алышкан.
Кыргызстандын чек арачыларына мураска даңктуу тарых калтырылган. Жеңиш эстафетасы республиканын чеги аркылуу өтүп жаткан күндөрү өз эрдиги менен мамлекеттик чек аранын кол тийбестигин далилдегендердин, үлгү болууга татыктуулардын баарын эскеришет деген ишеничтебиз.
Эстафета — бул белги
Монголияда да мындай үлгү кайталоого татырлык деп эсептешип, Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин 70 жылдыгына арналган Жеңиш эстафетасын өткөрүү боюнча Шериктештиктин чек арачыларынын демилгесин колдоону чечишти. КМШнын чек ара аскер жетекчилеринин Кеңешинин жөндөштүрүү кызматынын төрагасы Александр Маниловдун айтымында, монгол чек арачылары тилектештик белгиси катары өз эстафетасын өткөрүшмөкчү. Башкача болушу мүмкүн эмес – биз баарыбыз нацизмге каршы бирге күрөшкөнбүз.