БИШКЕК, 2-фев — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик тарыхый музейинин директорунун илимий иштер боюнча орун басары Ольга Ильинская Москвада Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата көргөзмөгө коюлуучу музейдин экспонаттарын даярдоо жөнүндө Sputnik сайтынын кабарчысына айтып берди.
Кыргызстан – "Нацизмге каршы күрөштө биз бирге болгонбуз" эл аралык көргөзмө долбоорунун катышуучусу.
"Биздин музей кыргызстандыктардын фронттогу эрдиги жана оруктагы кажыбас эмгеги жөнүндө айтып бере турган көргөзмө даярдап жатат", — деди директордун орун басары.
Экспозицияны түзүүгө Кыргызстандын Улуу Ата Мекендик согуш мезгилине тиешелүү бардык негизги экспонаттар топтолгон Мамлекеттик тарыхый музейи жана башка субъекттер катышат.
"Мамлекеттик борбордук архив ошол мезгилден калган уникалдуу фотосүрөттөрдү, кинохрониканы, түрдүү документтердин түп нускаларын берет. Ал эми Кой-Таш айылында аскер бөлүгүндө жайгашкан Панфилов дивизиясынын музейи анык фронт экспонаттарын: бардык 28 баатырдын сүрөттөрүн, Лутошкиндин ооз кыягы сыяктуу панфиловчулардын жеке буюмдарын эскпозицияга кошмокчу", — деп белгиледи Ильинская.
Ошондой эле М.В.Фрунзенин борбордук музейи да анык экспонаттарды, мисалы, кыргызстандыктардан түзүлгөн 385-ок атуучулар дивизиясынын туусун көргөзмөгө берет.
"Республиканын мектеп музейлеринде абдан кызыктуу буюмдар сакталган. Мисалы, №15-мектепте операция учурунда хирургдар жоокерлердин денелеринен алып чыккан октун сыныктары бар, №13-мектепте Ленинград блокадачыларынын музейи уюшулган. Бизден кыргызстандык донорлор, согуш талааларында бир канча адам өмүрүн сактап калган мээрман айымдар жөнүндө материалдар да бар", — деп баса белгиледи музей жетекчисинин орун басары.
Кыргызстандан коюлучу экспозициянын бир бөлүгүн аскер бөлүмдөрүнүн түзүлүшү ээлейт. Аларга Панфиловдун атактуу 316-ок атуучулар дивизиясы 385-ок атуучулар дивизиясы, 40-ок атуучулар бригадасы кирет. Ошондой эле Фрунзе атындагы учкучтар мектебинде түзүлгөн кыргызстандыктардын учкучтар полку жана өз алдынча кавалериялык бригадалар да бар.
Оруктун эмгекчилерине да чоң көңүл бурулат. Мисалы, кыргызстандыктардын жеке топтогон акчаларына Сталинград согушуна катышкан танк колоннасы даярдалган. Же Оштун жибек комбинатынын парашюттарды даярдоодо колдонулган атактуу жибеги.
"Албетте бул зор көргөзмөгө биз каалаган бардык материалдарды, документтерди жана экспонаттарды коё албайбыз. Мисалы, дивизиянын командири Панфилов фронтко жөнөп жаткан кыргызстандыктардын арыздарына кол коюгон жеке иш столу, жана башка көп сандагы уникалдуу буюмдар. Москвага экспозиция даярдоодон тышкары, биз улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Бишкекте өтө турган көргөзмөгө да уникалдуу экспонаттарды алып чыгабыз", — деп улантты Ильинская.
Кыргызстан согуш жылдарында
1941-1945-жылдары фронтко 363 миң 144 кыргызстандык аттанып, алардын ичинен 158 миң 247 жоокер кайра кайтпай калган. 63 миң 508 адам согушта курман болсо, 85 миң 829у дайынсыз жоголгон, ал эми 8 миң 910 жоокер алган жаракатынан жана оорудан каза болгон. Москва үчүн кармашта 1147 кыргызстандык, Ржевдин алдында 4229, Сталинград үчүн согушта 2221, Ленинградды коргоодо 4207, Курск дөңсөөсүндө 2283 кыргызстандык курман болгон. Кыргызстандан согушкан аттангандардын ичинен 76 жоокер Советтер Союузунун баатыры, ал эми 30 жоокер Даңк орденин толук ээси болгон.