Кыргызстанда жеке детективдик жана күзөт ишмердигин өркүндөтүү жолго коюлат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАрхив: жеке күзөт кызматкери
Архив: жеке күзөт кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдоду.

БИШКЕК, 10-янв — Sputnik. Алмазбек Атамбаев "Кыргызстанда жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койгонун президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 4-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты өлкөдө жекече детективдик жана күзөт ишмердигин өркүндөтүү, ошондой эле ушул тармактагы мыйзамдарды Кыргызстандагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0