Жаңы жыл түнү өлкө аймагында 38 өрт кырсыгы катталган

© Sputnik / Табылды КадырбековШествие Дедов Морозов по центру Бишкека
Шествие Дедов Морозов по центру Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31-декабрдан 1-январга караган түнү өлкө аймагында 38 өрт кырсыгы катталса, анын 15и пиротехникадан улам чыккан.

БИШКЕК, 2-янв — Sputnik. Жаңы жыл түнү өлкө аймагында 38 өрт кырсыгы катталса, анын он беши пиртехникадан улам чыккан. Тилсиз жоонун алдын алуу үчүн 44 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Sputnik сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Ал ошондой эле, өрттөн Жалал-Абад шаарынан бир киши каза болгонун жана Ош шаарынан бир киши жаракат алганын кошумчалады. 

Учурда тилсиз жоо келтирген чыгымдар такталууда.

Жол кырсыгына кабылгандар жана уулангандар көп болду

Ал эми жаңы жыл түнү Бишкек шаардык тез жардам кызматына 565 кайрылуу түшүп, тез жардам кызматы 410 чакырууга барган. Жалпысынан 111 киши ооруканага жаткырылган. Тез жардам кызматына кайрылгандардын көпчүлүгү – жол кырсыгына кабылгандар, кан басымы жогорулагандар жана аракка уулангандар. Андан сырткары жаш балдары ооруп кайрылгандар да болгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, майрам күнү 283 ар түрдүү кылмыш жана окуялар катталган. Алар: мушташуу, мал уурулук сыяктуу кылмыштар.

Жаңы жылда Ала-Тоо аянтында 12 мүнөттүк салют атылды

31-декабрь күнү борбордук Ала-Тоо аянтында жаңы жылды тосуу үчүн 12 миңдей киши чогулганын Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Аянтка чогулган шаар тургундары менен конокторго эстрада ырчыларынын катышуусунда майрамдык концерт уюштурулду. Саат 22:00дөн баштап жаштар үчүн дискотека болду. 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосу аянтка коюлган чоң экран аркылуу көрсөтүлүп, саат туура 12:00 болгондо 12 мүнөттүк салют атылды. Майрамдык кечте шаар башчысы Кубанычбек Кулматов да эл менен болгонун мэриянын маалымат кызматы белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0