Алмазбек Атамбаев жаңы жыл майрамы менен кыргызстандыктарды куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев поздравил кыргызстанцев с Новым 2015 годом
Президент Алмазбек Атамбаев поздравил кыргызстанцев с Новым 2015 годом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жалпы кыргызстандыктарды жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

БИШКЕК, 2-янв — Sputnik. Атамбаев өз куттуктоосунда жаңы жыл майрамы адамзаттын эң байыркы майрамдарынын бири экенин белгилеп, азыркы күнү да, байыркы замандагыдай, адам баласы жаңы жылды үмүт менен, жакшы тилек менен тосорун айтты.

"Ондогон кылымдар, миңдеген жылдар мурун адам баласы кыштын бир мезгилинде күндөр эң кыска, түндөр эң узун болгонун байкаган. Ааламды бүтпөс түн басып, күн чыкпай койбосун деп абдан корккон. Ошондуктан, кыскарып бараткан күн кайрадан узарып баштаганда, жан дилинен сүйүнүп, майрамдаган. Анткени, күндүн кайрадан узарып баштаганы, — өмүр уланат, жашоо уланат дегендин белгиси болчу", — дейт ал. 

Демек, жаңы жыл майрамы – адамзаттын, жашоонун, өчпөс үмүттүн майрамы. Ошондуктан, баарыбыз үчүн бул эң сүйүктүү майрамдардын бири.

"Эски жылды "рахмат" деп узатып, жаңы жылды үмүт менен тосуп жатканда, мен сиздерге ата-бабаларыбыздан калган байыркы сөздү айткым келет:

Телегейиңер тегиз болсун,
Тубар малыңар эгиз болсун!
Башыңардан бак кетпесин,
Душмандардын каргышы жетпесин!
Корооңор кыктуу болсун,
Коншуңар ыктуу болсун!
Үйүңөр керегелүү болсун,
Дасторконуңар берекелүү болсун!
Уулуңар күчтүү болсун,
Уюңар сүттүү болсун!
Кыз-келин эптүү болсун,
Неберелер кептүү болсун!
Өрүшүңөр жайык болсун,
Өмүрүңөр узак болсун!
Кудай тилегибизди кабыл кылсын.
Жараткан элибизге ынтымак,
Жерибизге берекет берсин!
Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!", — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0