БИШКЕК, 27-дек — Sputnik. Президент узап бара жаткан жыл өтө татаалдыгына, суунун аздыгына, кургакчылдыгына карабай, жакшы болгондугун айтты.
"Ооба, газды өчүрүп салышты, бирок, эмдиги жылы көгүлтүр от менен камсыздайбыз. Көз карандысыз болобуз: эч ким биз менен муну бер, тигини ал деп соодалаша албайт. Биз чындап көз карандысыз өлкөгө айланабыз. Кудай буюрса, муну чет жакадагылар да, өзүбүз да көрөбүз", — деди Атамбаев жыйынтык маалымат жыйынында.
Мамлекет башчысы жыл сайын жылды жыйынтыктап, маалымат жыйынын өткөрөт. Бул сапар президент менен жолугушууга ар кыл 75 ЖМКдан 113 журналист келди.