Эркин соода аймагы: ЕЭАБ ким менен соода жүргүзгүсү келет?

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүВстреча глав МИД России и Индии С.Лаврова с С.Хуршидом
Встреча глав МИД России и Индии С.Лаврова с С.Хуршидом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күндөн кийин өз ишин баштаганы турган Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрү азыр башка мамлекеттер менен эркин соода аймагын түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүүдө. Бул багытта ЕАЭБ жөнүндө келишим күчүнө киргенге чейин кандай ийгиликтерге жетишкендиктери тууралуу Евразиялык байланыш борборунун материалында.

БИШКЕК, 25-дек — Sputnik. Жаңы интеграциялык биримдиктин ишке киришерине саналуу гана күндөр калды – 2015-жылдын 1-январынан тартып аны түзүү жөнүндө келишимге Россия, Беларуссия жана Казакстан 2014-жылдын 29-майында кол койгон Евразиялык экономикалык биримдик өз ишин баштайт деп жазылат eurasiancenter.ru нтернет-порталынын беттеринде.

Бирок аталган келишим күчүнө кире электе эле ЕЭАБга Армения кошулган, ал эми Кыргызстан биримдикке жакынкы арада мүчө болот. Биримдиктин дүйнө менен өз ара аракеттешүүсүнүн дагы бир жолу болуп эркин соода аймагын уюштуруу жөнүндө келишим түзүү болуп эсептелет. Алсак, Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) соода министри АндреЙ Слепнёвдун айтымында, 30 чакты өлкө Бажы биримдиги менен ЭСА түзүүгө болгон кызыгууларын билдирген. Бул жаңы бирикмеге карата дүйнөлүк коомчулук олуттуу мамиле кылып жатканын күбөлөйт. 

Россия президенти Владимир Путин 2014-жылдын 23-декабрында Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отурумунда билдиргендей, азыркы учурда эркин соода аймагын түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр Вьетнам, Түркия, Индия жана Израиль менен жүрүп жатат.

"Вьетнам менен эркин соода жөнүндө келишим долбоорун даярдоо акыркы баскычына жетти. Ошондой эле макулдашууларды Түркия, Индия жана Израиль менен түзүүнүн үстүндө иш жүрүп жатат", — деген ал.

Белгилей турган нерсе, соода жеңилдиктери тууралуу келишимдерди түзүү дүйнөдө кеңири тараган практика болуп эсептелет. Бул таң калыштуу эмес, себеби ЕСА өнөктөш өлкөлөрдүн товар жана кызмат көрсөтүү рыногунун компаниялар үчүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, ага жараша мамлекеттердин экспорттоо мүмкүндүктөрүн жогорулатат. Атаандаш экономикалардын көпчүлүгү ЭСА түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, баары чоң артыкчылыктарга ээ болушат, демек бул процесске катышпагандар дүйнөлүк рынокто өз компанияларынын атаандаштык жөндөмүн олуттуу төмөндөтүү жана глобалдуу өндүрүш тизмегинен чыгып калуу коркунучунда болот. 

Кызматташтыктын пионери

ЕЭАБ түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган мезгилден бери ББ менен Вьетнамдын ортосунда ЭСА түзүү боюнча сүйлөшүүлөр бир топ алдыга жылды. Алсак, 8–14-декабрда Вьетнамдын түштүгүндөгү Киензянг провинциясына караштуу Фукуок аралында Вьетнам менен ББга мүчө өлкөлөр — Россиянын, Белоруссиянын жана Казакстандын делегацияларынын ортосунда сегизинчи, акыркы сүйлөшүүлөр өттү. 

"Тараптар ЭСА жөнүндө келишим долбоорунун негизги жоболору боюнча макулдашууга жетишти. Техникалык маселелер толук иштелип бүткөндөн кийин документ 2015-жылдын башында кол коюуга даяр болот", — деп билдиришти ТАССка Вьетнам Социалисттик Республикасындагы (ВСР)Россиянын соода өкүлчүлүгүнөн. 

ЭСА өнөктөш өлкөлөрдүн товар жана кызмат көрсөтүү рыногунун компаниялар үчүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, ага жараша мамлекеттердин экспорттоо мүмкүндүктөрүн жогорулатат.

Евразиялык экономикалык комиссиянын аталган маселени изилдеп жаткан серепчилеринин баалоосу боюнча, ББ менен Вьетнамдын ортосундагы товарлардын жылдык айлануусу 2020-жылга карата 10–12 миллиард долларга жетиши мүмкүн, бул азыркы деңгээлден төрт эсе жогору болмокчу. Алар менен вьетнамдык адистер да макул: ВСРдин Өнөр жай соода министрлигинде эркин соода тартибин түзүүнүн натыйжасында Вьетнамдын ББ өлкөлөрүнө жиберчү экспортунун көлөмү беш жыл ичинде эле 3-4 эсеге көтөрүлөт деп болжошот. 

Белоруссиянын премьер-министри Михаил Мясниковичтин пикири боюнча, ББ менен Вьетнамдын ЭСА түзүүнүн дагы бир оң натыйжасы болуп Евразиялык экономикалык биримдик менен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) ортосундагы кызматташтыктын жандана тургандыгы эсептелет. 

"Жасалма бөгөттөр жана чектөөлөр жок жаңы эркин соода аймагын түзүү биздин өлкөлөрдүн ортосунда кызматташтыкты жандандыруудагы жаңы кадам болот. Ал [эркин соода жөнүндө макулдашуу] ЕЭСБ менен АСЕАН ортосундагы мамилелердин активдүү баскычына өтүүсү мүмкүн боло турган кызматташтыкты принципиалдуу өнүктүрүү документи болуп эсептелет", — деди Мясникович Вьетнамдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы Нгуен Фу Чонг менен 2014-жылдын ноябрында болгон жолугушуусунда.

Дагы ким?

Ошондой эле Индия менен ЭСА түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюу маселеси да ордунан жылды. Мындай келишимге кол коюу идеясы биринчи жолу Индиянын ТИМи тарабынан 2013-жылдын мартында билдирилген болчу. РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Рогозин 2014-жылдын ноябрында Россия менен Индиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыгы боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун жыйынтыгы боюнча билдиргендей, Индия Бажы биримдиги менен эркин соода жөнүндө келишим түзүүнүн келечегин иликтөө боюнча жумушчу топтун түзүлүшүн жактырган. 

"Бүгүн Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж топтун түзүлүшүн Индия тарап жактыргандыгын маалымдады", — деген Рогозин, жана ал топтун иш максаты мындай макулдашуунун натыйжалуулугу тууралуу Өкмөттөр аралык комиссияга билдирүү берүү экендигин айткан. 

Владимир Путин 2014-жылдын декабрында Россия менен Индиянын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча белгилегендей, 2015-жылдын 1-январында Евразиялык экономикалык биримдик өз ишин баштагандан кийин эки өлкөнүн кызматташуусу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.

"Биз эркин соода аймагы жөнүндө келишим түзүү боюнча кеңешмелерди улантууну макулдаштык", — деди РФтин президенти россиялык-индиялык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча пресса үчүн жасаган билдирүүсүндө.

ЕЭАБ түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган мезгилден бери ББ менен Вьетнамдын ортосунда ЭСА түзүү боюнча сүйлөшүүлөр бир топ алдыга жылды. 

Азыркы учурда Израиль жана Египет менен ЭСА түзүү жөнүндө ушундай эле макулдашууларды даярдоо боюнча серепчилер тобу түзүлгөн. Ноябрь айында Египеттин ТИМинин жетекчиси Самех Шукри белгилегендей, өлкө менен мындай аймакты түзүү жөнүндө келишимге 2015-жылы кол коюлушу мүмкүн. Андан сырткары, келечекте Египет Бажы биримдигине да кошулушу мүмкүн деп эсептейт. 

"Экономикалык мамилелерди өнүктүрүп, өз ара соода сатыкты кеңейтүүгө мүмкүндүк бере турган бардык жолдор колдоого алынат. Бирок бул процесстер сүйлөшүүлөргө, эки тарап үчүн тең пайдалуу чечимдердин кабыл алынышына муктаж. Ал чечимдер учурга ылайык келип жана мындай мамилелерди жөнгө сала турган мыйзамдардын алкагында болушу керек", — деди министр, Каир менен Бажы биримдигинин ортосундагы мамилелерде Египеттин аталган мамлекеттер аралык бирикмеге кошулуусу жөнүндө маселе коюлганбы деген суроого жооп берип жатып. 

Россиянын, Белоруссиянын жана Казакстандын Бажы биримдигин менен, мүмкүн, Түркия да эркин соода аймагын түзөт. 2014-жылдын июлунда РФтин экономикалык өнүктүрүү министри Алексей Улюкаев билдиргендей Түркиянын экономика министри Нихат Зейбекчи Бажы биримдиги менен тыгыз кызматташуу демилгесин көтөргөн. 

"Биз кызматташуунун мүмкүн болуучу жолдорун, анын ичинде Бажы биримдиги менен Түркиянын ортосунда эркин соода аймагын түзүүнү талкууладык. Тийиштүү жумушчу тобун түзүп, сентябрда мындай мүмкүнчүлүктөрдү жана алардын келечегин кененирээк талкууну баштоого макулдаштык", — деди Улюкаев Австралиянын Сидней шаарында өткөн G20 өлкөлөрүнүн соода министрлеринин жолугушуусу учурунда.

Президент Путиндин декабрь айындагы Ташкентке болгон иш сапары учурунда Өзбекстан менен ЕЭАБнын ортосунда эркин соода аймагы жөнүндө келишим түзүү боюнча кеңешмелерди баштоо тууралуу макулдашылган. 

"Биз бүгүн Өзбекстан менен Евразиялык экономикалык биримдиктин ортосунда эркин соода аймагы жөнүндө келишим түзүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеңешмелерди баштоо тууралуу макулдаштык", — деп билдирди Путин Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча.

"Бул болгону кеңешмелер, иштин башталышы гана экенин баса белгилегим келет. Бирок азыр президент айткандай, бул мурдагы совет мейкиндигинде биргелешүүнүн түрдүү жолдорун өнүктүрүүдө биздин өз ара аракеттерибизге тоскоол кыла турган эч бир маселелер пайда болбошу үчүн керек", — деп белгилеген Россиянын лидери.

Штефан Фюле: Европа биримдиги эркин соода аймагын түзүү жөнүндө Бажы биримдиги менен сүйлөшүүлөрдү башташы керек

Жаңы Зеландия жана Европанын эркин соода ассоциациясы менен да ЭСА түзүү маселеси мурда талкууланган болчу. Аталган ассоциацияга Швейцария, Норвегия, Исландия жана Лихтенштейн кирет. Бирок азыркы кезде бул сүйлөшүүлөр убактылуу токтотулган.

Европага карай жол

Европа өлкөлөрү менен кызматташуусуз Евразиялык экономикалык биримдиктин өнүгүшү, албетте, татаал болот. Бирок ЕБ менен ЭСА түзүү жөнүндө мыйзам ченемдүү суроо азыркы күндөгү окуяларга туура келбейт: Россияга каршы киргизилген санкциялар менен азык-түлүк эмбаргосунун шартында эркин соода-сатык жүргүзүү кыйын. Ошентсе да, бул суроо учурдун күн тартибинде жок экенине карабай, өзүнөн өзү жаралууда. 

Алсак 2014-жылдын сентябрында эле ЕБнын кеңейтүү жана ынтымакташтык саясаты маселелери боюнча комиссары Штефан Фюле ЕБ Бажы биримдиги менен эркин соода аймагын түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү башташы керек деп белгилеген.

"ЕБ менен Бажы биримдигинин ортосунда жогорку деңгээлдеги расмий мамилелерди орнотууга мезгил жетти", — деп билдирген Фюле Киевде өткөн "Ялтадагы Европа стратегиясынын" 11-конференциясында.

Бирок андан бери эки биримдиктин ортосундагы мамилелерде оң жылыштар болгон жок. Тескерисинче, биз мезгил өткөн сайын бири-бирибизден оолактап бара жатабыз. Ошого карабай, бул процесс кайра калыбына келери айкын. Ал тургай, Германиянын калтаарыбас канцлери Ангела Меркель да ЕЭАБ менен кызматташуу жөнүндө ойлоно баштаган сыяктуу. Канцлер декабрь айына билдиргендей, Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча Минск келишимдерин аткарууда жакшы жылыш болсо, Европа биримдиги менен ЕЭАБнын ортосундагы жалпы экономикалык мейкиндик жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болот. 

"Эгер Минск протоколунун 12 пунктун аткарууда олуттуу жылыштар байкала турган болсо, биз мындай кадамдарга даяр турушубуз керек, себеби экономикалык жактан Россия жана Украина бири-бири бекем байланышта", — деп билдирген Меркель, ЕБ менен ЕЭАБнын экономикалык кызматташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө суроого жооп берип жатып.

"Биз ири экономикалык аймак түзүүнүн үстүндө Россия, Казакстан жана Беларусия менен иш алып барууга каршы эмеспиз", — деп белгилеген канцлер.

Назарбаев: Биздин экономикалык биримдик дүйнөнүн бардык интеграциялык бирикмелери менен, анын ичинде Европа биримдиги менен да өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн ачык

Эмнеси болсо да, ЕЭАБ бардык өлкөлөр жана уюмдар менен кызматташууга ачык. Муну Россиянын президенти 2014-жылдын 23-декабрында Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отурумунда сүйлөгөн сөзүндө дагы бир жолу ырастады.

"Чыгыштын да, Батыштын да бардык өлкөлөрү жана уюмдары менен тең укуктуулук негизде жана эки тарапка тең пайдалуу болуучу байланышты бирдей кеңейтүү биздин бирикменин кызыкчылыктарына жооп берет деген ишеничтемин", — деген Владимир Путин. 

Дагы бир мүчө өлкөнүн лидери Нурсултан Назарбаев да ЕЭАБнын дүйнөнүн башка бөлүктөрү менен активдүү өз ара аракеттешүү идеясын колдойт.

"Биздин биригүүбүз башка мамлекеттер үчүн экономикалык өнөктөштүктүн жагымдуу үлгүсү болуп, ЕЭАБнын катышуучуларынын саны кеңейиши үчүн бардык күч-аракетибизди жумшообуз керек. Биздин экономикалык биримдик дүйнөнүн бардык интеграциялык бирикмелери менен, анын ичинде Европа биримдиги менен да өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн ачык", — деген ал отурумду жыйынтыктап жатып.

Жаңылыктар түрмөгү
0