БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Балыкчы шаарынын депутатын сотко иш бөлмөсүндө пара берип жаткан жеринен УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 22-декабрда кармаганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, депутат айым сотко маңзатты сактоо жана аны алып жүрүү боюнча соттолуп жаткан кишинин пайдасына чечим чыгарып берүү үчүн 20 миң сом сунуштаган.
© пресс-служба АКС ГКНБ
Аталган окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин 314-беренеси (Пара берүү) боюнча иш козголуп, тергөө жүрүүдө.