БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Москва жана Жалпы орус патриархы Кирилл "Россия сегодня" ЭМАнын Башкы директору Дмитрий Киселёвду II даражадагы ыйык Сергий Радонежский ордени менен сыйлады деп билдирет РИА Новости патриархтын маалымат кызматына таянуу менен.
Орус чиркөө башчысы Дмитрий Киселёв менен Даниил чиркөөсүндөгү өз резиденциясында жолукту деп такталат маалыматта.
"Чиркөөнүн жана Ата мекендин бейкуттугу үчүн кажыбас эмгегин эске алуу менен жана туулган күнүнүн 60 жылдыгына байланыштуу ыйык патриарх Кирилл "Россия сегодня" ЭМАнын Башкы директору Д.К.Киселёвго II даражадагы ыйык Сергий Радонежский орденин ыйгарды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ыйык Сергий Радонежский ордени менен Орус православ чиркөөсүнүн жана жер-жерлердеги православ чиркөөлөрүнүн иерархтары, ошондой эле башка чиркөөлөрдүн өкүлдөрү тынчтыкты жаратуудагы кызматы үчүн, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер тынчтыкты жана элдердин ортосундагы ынтымакты бекемдөө боюнча жемиштүү эмгектери үчүн сыйланат.