БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. Москва мамлекеттик университети (ММУ) Европа менен Борбордук Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрү үчүн агенттиктин (QS) жаңы рейтинги боюнча биринчи орунду ээледи. Ал эми Новосибирск мамлекеттик университети Чехиянын Карлов университети менен бирге экинчи орунга чыкты деп билдирет РИА Новости.
Quacquarelli Symonds агенттиги университеттердин эң абройлуу глобалдык рейтингдеринин бири болуп эсептелген QS World University Rankings рейтингин түзөт. Ошондой эле QS БРИКС (BRICS – Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка) өлкөлөрү үчүн ЖОЖдордун өзүнчө рейтингин түзөт.
"QS University Rankings: Өнүгүп келе жаткан Европа жана Борбордук Азия 2014/15" деп аталган кошумча аймактарды камтыган рейтинг шаршемби күнү жарыяланды. Ал 30 мамлекетти кучагына алат. Ага Албания, Армения, Азербайжан, Беларусь, Босния жана Герцеговина, Болгария, Хорватия, Чехия, Эстония, Венгрия, Грузия, Казакстан, Косово, Кыргызстан, Латвия, Литва, Македония, Молдова, Черногория, Польша, Румыния, Россия, Сербия, Словакия, Словения, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан жана Украина кирет.
Аталган өлкөлөрдүн ичинен Россия алдыңкы 100 окуу жайына кирген университеттердин саны боюнча алдыда турат. Аталган 100 окуу жайына РФтин 26 жогорку окуу жайы, Чехия менен Түркиянын ондон окуу жайлары, Польшанын тогуз, Казакстандын сегиз, Венгрия менен Украинанын алтыдан окуу жайлары кирди.
Алдыңкы 100 окуу жайы жогоруда аталган 30 мамлекеттин 18инин университеттеринен турат. Эң мыкты деп аталган он университетке Варшава университети (Польша), Тарту университети (Эстония), Прагадагы Чехия Техникалык университети, Санкт-Петербург мамлекеттик университети, Ягеллон университети (Польша), Жакынкы чыгыш технологиялык университети (Турция) жана Масариков университети (Чехия)кирген.
Жаңы рейтингди түзүүдө 368 окуу жайы изилденген. Алардын 255и QS рейтингине биринчи жолу киргизилиши. Окуу жайларын баалоодо төмөнкү көрсөткүчтөр колдонулду: академиялык кадыр-баркы, иш-берүүчүлөрдүн арасында кадыр-баркы, студенттер менен профессордук-окутуучулар курамынын сандык айкалышы, чет элдик окутуучулар менен студенттердин саны, илимий даражалуу кызматкерлердин саны, интернет-ресурстарынын натыйжалуулугу, жарыкка чыккан макалалардын профессордук-окутуучулар курамынын ар бир кызматкерине туура келчү саны.