Жоомарт Оторбаев бүгүн Дмитрий Медведев менен жолугат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАрхив: Валентина Матвиенканын Бишкектеги расмий иш сапары
Архив: Валентина Матвиенканын Бишкектеги расмий иш сапары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоомарт Оторбаев Москвада расмий иш-сапар менен жүрөт. РФ премьер-министри жана расмий тараптар менен жолугушууда экономика, отун-энергетика жана башка тармактагы эки тараптуу кызматташуулар талкууланат.

Дмитрий Медведев 1-декабрда Жоомарт Оторбаев менен жолугат
БИШКЕК, 1-дек – Sputnik. КР премьер-министри Жоомарт Оторбаев бүгүн Москва шаарында РФ премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугат.

Россия менен Кыргызстандын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда негизинен экономика, отун-энергетика жана башка тармактагы эки тараптуу кызматташуулар талкууланат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат менен камсыз кылуу бөлүмү билдирди 

Оторбаев Жоомарт Оторбаев соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Орус өкмөт аралык комиссиясынын жыйынына катышуу үчүн Москвада жүрөт. Визиттин алкагында РФтин Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, РФ өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов, Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Виктор Христенко менен жолугат.

Жаңылыктар түрмөгү
0