БИШКЕК, 28-ноя – Sputnik. Россия Федерациясынын өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев 1-декабрда Москва шаарында Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев менен жолуга турганын Россиянын өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдаганын РИА Новости билдирди.
"Эки мамлекеттин өкмөт башчылары экономика, отун-энергетикасы, өнөр-жай, транспорт, финансы жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашат", — деп айтылат билдирүүдө.
Премьер-министрлер Кыргызстандын Евразиялык экономикалык интеграциясына кирүү маселесин да сүйлөшүшөт.
2-декабрда Москвада премьер-министр Жоомарт Оторбаев орус-кыргыз соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишине катышуусу күтүлүүдө.