БИШКЕК, 6-ноя — Спутник Кыргызстан. Кыргызстан 2015-жылдын 1-январынан Бажы биримдигине толук укуктуу мүчө болууга камданууда. Өлкө парламенти уюмга жаңы жылдын башынан тартып кириш үчүн Кыргызстандын Биримдикке кошулууга зарыл болгон мыйзамдарынын пакетин карап жатат. Жалпысынан 33 мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл болсо, учурда анын 16сы кабыл алынды. Кыргызстандын биримдикке киргенден кийинки турукташуу процесстери үчүн Россия тарап 200 миллион долларды гранттык негизде бөлдү жана Казакстан дагы көмөк көрсөтүүгө белсенип жаткан учур. Мындан тышкары чегара-көзөмөл бекеттерин тиешелүү стандартка ылайыктоо, лабораторияларды жаңылоо сыяктуу иш-чараларга багытташ үчүн кошумча 1 миллиард долларды бөлүү тууралуу келишимге Москва менен Бишкек кол койду. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өлкө биримдикке киргенден кийин инфляция жана баалардын өсүшү мүмкүн экенин, бирок өлкө үчүн туруктуулукту жана бүтүндүктү сактоо маанилүү экенин айтты.
“Интеграциялашуу шарттары жакшы экендигин белгилеп коюшум керек, миллиард долларлык капиталы бар фонд түзүлдү. Интеграциянын башка катышуучулары менен тең укукта болуш үчүн биз биримдикке учурунда киришибиз кажет”,- деп эскертти мамлекет башчысы туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында.
Буга чейин Бажы Биримдигине кирүү менен Кыргызстан ээ боло турган артыкчылыктар жана кемчиликтер тууралуу коомчулукта көп маалымат берилди. Бирок Кыргызстан ээ боло турган артыкчылыктардын катарына өлкөнүн Бажы Биримдигине киргенден кийинки таба турган пайдасын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Бажы Биримдигине кирүү Кыргызстан үчүн бажы чегараларынын гана алынып салынышы эмес, ал ЕЭБ сыяктуу чоң союзга дагы багыт алмакчы. Белгилүү болгондой, 2015-жылы 1-январдан тартып Россия, Белоруссия жана Казакстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүгө макулдашкан. Ага Кыргызстан менен Армениянын биригүүсү дагы каралган. Бул бирикменин башкы максаты — өзүнүн өндүрүшчүлөрүнө кеңири мүмкүнчүлүк түзүү менен тышкы экономикалык таасирлерден өз рыногун сактоо. Аталган биримдик четтен келген экспорт товарларга атаандаш боло турган товарларын коргоого алынган ички базарда сатып, ал аркылуу рыногун бекемдегенге шарт түзмөкчү. Ошол эле Батыш дагы биримдик келечектүү экенин болжоп жаткан маал. Буга мисал катары Улуу Британиянын The Guardian басылмасы Евразиялык экономикалык биримдик Европа биримдигине реалдуу альтернатива боло турган союз болушу ыктымал экендигин да жазып чыкканын белгилесек болот.
Ошондуктан учурда Кыргызстан өз позициясын так билдирди жана Бажы Биримдиги, андан ары карай Евразиялык экономикалык биримдикке интеграциялашуу жолун тандап алды. Бул Кыргызстан үчүн экономикалык жана геосаясий жактан гана пайдалуу болбостон эң негизгиси — дүйнөлүк аренада кырдаал татаалдашып бара жаткан учурда коопсуздук жагынан дагы пайдалуу болмокчу.