00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ФК башчысы: ЕврАзЭШке киргенде Россияда иштөө оңой болот

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАрхив: Федерация кеңешинин спикери Валентина Матвиенко
Архив: Федерация кеңешинин спикери Валентина Матвиенко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразиялык экономикалык шериктештиктеги бардык жарандар Союздун аймагында ээн-эркин кирип-чыгып, окуп, иштеп, бизнестерин каттата ала турганын Валентина Матвиенко түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 29-окт — Спутник Кыргызстан. Кыргызстан ЕврАзЭШке киргенден кийин өлкөнүн эмгек мигранттарынын Россияга кирүүсү бир топ эле жеңилдерин Федерация кеңешинин спикери Валентина Матвиенко Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолуккандан кийин айтты. Бул жөнүндө РИА Новости билдирди.

"Кыргызстандын евразиялык интеграциялык жараяндарга кирүү боюнча жигердүү аракеттерин эске алуу менен жараян ишке ашканда бул маселелер такыр болбойт", – деп Матвиенко дүйшөмбүдө журналисттерге билдирди.

Евразиялык экономикалык шериктештиктеги бардык жарандар Союздун аймагында ээн-эркин кирип-чыгып, окуп, иштеп, бизнестерин каттата ала турганын Матвиенко түшүндүрүп берди. Ал ошондой эле Кыргызстандын көпчүлүк жарандары Россияда иштей турганын белгиледи.

"Биз аларга абдан ыраазыбыз, Россияда жумушчулар жетишпейт. Бул тармакта көптөгөн көйгөйлөр болду. Өкмөттөр аралык келишимдердин алкагында көптөгөн маселелер чечилип, жөнгө салынды", – деп айтты Федерация кеңешинин спикери.

Матвиенко учурда эки мамлекеттин миграциялык ведомстволору менен биргеликте жумушчу топ түзүлгөнүн жана Кыргызстандын өзүндө да эмгек ресурстар тармагын жөнгө салуу боюнча келишим даярдалганын эске салды.

"Биз Кыргызстандын тийиштүү министрлигинин өкүлчүлүгүн Россия Федарациясында ачуу тууралуу келишимге кол коюуга даярбыз. Андан кийин алар бул маселелер боюнча Россиянын өзүндө көзөмөл жасай алышат", – деди ал.

Матвиенконун айтымында, өлкөлөр "бул маселени акырындык менен чечип", Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарына жакшы шарттарды түзүүдө. Ал ошондой эле Кыргызстандын бийлиги орус тилинин өлкөдө өнүгүшүн колдоп, жаштардын аны үйрөнүүсүнө шарттарды түзүп жатканын белгиледи.

"Бул Россияда иштөөнү каалаган бардык кишиге ишке орношууда тилдик барьерди жоюп, иштөөгө мүмкүнчүлүк берет", – деп Россия парламентинин жогорку палатасынын жетечиси белгилеп өттү.

Россия, Беларусь жана Казакстан 29-майда Астанада Евразиялык экономикалык шериктештикти түзүү боюнча келишимге кол койгон. Ал 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. ЕврАзЭШти түзүү менен Бажы биримдигине кирген мүчө мамлекеттер интеграциянын жогорку деңгээлине чыгат. Бажы биримдигине мүчө мамлекеттер бүгүнкү күндө бирдиктүү бажы аймагына ээ жана алардын бирдиктүү ИДӨсү КМШдагы дүң продукттун 85%ын түзөт. Ошентип КМШда ири бирдиктүү рынокту түзүү (170 миллион киши) аяктоо алдында турат. Бул экономикалык өсүштүн жаңы, күчтүү борбору болот.

Кыргызстандын өкмөтү Россия, Беларусь жана Казакстан кирген Бажы биримдигине кошулуу боюнча расмий сунуш менен 2011-жылдын жазында кайрылган. Ошол эле жылдын октябрь айында ЕврАзЭШтеги мамлекеттердин өлкө башчыларынын сүйлөшүүсүндө Кыргызстанды Бажы биримдигине кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алынып, жумушчу топ түзүлгөн. Кыргызстанды евразиялык союзга кошуу жөнүндө иш-чаранын планы 2014-жылдын 29-майында Астанада жактырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0