2015-жылдын 26-ноябрында кечинде Бишкек шаарынын "Асанбай" кичи районунда теолог Кадыр Маликовго бейтааныш эки киши бычак менен кол салып, бетке жана моюнга сайып кетишкен. Маликов шаардык 4-оорукананын реанимация бөлүмүнө алып келинген. Милиция "Перехват" планын жарыялап, кылмышка шектүүлөрдү аныктаган.