Аксуубай Атабаевдин ырлары менен таң атып, кеч кирчү... Залкардын сүрөттөгү элеси

Жазылуу
Быйыл 22-декабрда атактуу ырчы жана обончу Аксуубай Атабаев 80 жашын белгилемек. Анын обондору эл арасында жаштык, сүйүүнүн гимни болуп калды.
Казакстандын даңазалуу композитору, "казак вальсынын падышасы" Шамшы Калдаяков "Он сегиз жаш", "Чагылган" ырларынын обонун жазган Аксуубай менен кыргыздын асманында улуу тагдыр пайда болду" деп суктанган экен. Колумнист Алмаз Батилов залкар композитордун жеке архивинен сүрөт баяндама жасаган.
© Фото / из семейного архива Атабаевых

Аксуубай Атабаев 1943-жылы 22-декабрда Ак-Суу аймагындагы Ак-Булуң айылында жарык дүйнөгө келген

Аксуубай Атабаев 1943-жылы 22-декабрда Ак-Суу аймагындагы Ак-Булуң айылында жарык дүйнөгө келген - Sputnik Кыргызстан
1/15

Аксуубай Атабаев 1943-жылы 22-декабрда Ак-Суу аймагындагы Ак-Булуң айылында жарык дүйнөгө келген

© Фото / из семейного архива Атабаевых

Музыкага шыгы бала кезинен эле байкалат. Чыгармачылык жолун айылдашы атактуу комузчу Ыбырай Туманов ачат

Музыкага шыгы бала кезинен эле байкалат. Чыгармачылык жолун айылдашы атактуу комузчу Ыбырай Туманов ачат - Sputnik Кыргызстан
2/15

Музыкага шыгы бала кезинен эле байкалат. Чыгармачылык жолун айылдашы атактуу комузчу Ыбырай Туманов ачат

© Фото / из семейного архива Атабаевых

Атабаев адегенде Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатында окуйт

Атабаев адегенде Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатында окуйт - Sputnik Кыргызстан
3/15

Атабаев адегенде Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатында окуйт

© Фото / из семейного архива Атабаевых

14 жашында бөлөсү Осмонкул Асанкуловдон комуз черткенди үйрөнөт. Ошол убакта "Мектебим", "Түргөн" жана "Ак-Булуң"аттуу обондорун жаратат

14 жашында бөлөсү Осмонкул Асанкуловдон комуз черткенди үйрөнөт. Ошол убакта "Мектебим", "Түргөн" жана "Ак-Булуң"аттуу обондорун жаратат - Sputnik Кыргызстан
4/15

14 жашында бөлөсү Осмонкул Асанкуловдон комуз черткенди үйрөнөт. Ошол убакта "Мектебим", "Түргөн" жана "Ак-Булуң"аттуу обондорун жаратат

© Фото / из семейного архива Атабаевых

Андан соң Фрунзедеги Мураталы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайына өтөт. Ал жерден акын Мариям Буларкиеванын "Курбулар" аттуу ырына обон жазат

Андан соң Фрунзедеги Мураталы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайына өтөт. Ал жерден акын Мариям Буларкиеванын "Курбулар" аттуу ырына обон жазат - Sputnik Кыргызстан
5/15

Андан соң Фрунзедеги Мураталы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайына өтөт. Ал жерден акын Мариям Буларкиеванын "Курбулар" аттуу ырына обон жазат

© Фото / из семейного архива Атабаевых

Атабаев 1961-жылы СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылат. Балтика Аскер-деңиз флотунун борбору Кронштадт кааласында кызматын өтөп баштайт

Атабаев 1961-жылы СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылат. Балтика Аскер-деңиз флотунун борбору Кронштадт кааласында кызматын өтөп баштайт - Sputnik Кыргызстан
6/15

Атабаев 1961-жылы СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылат. Балтика Аскер-деңиз флотунун борбору Кронштадт кааласында кызматын өтөп баштайт

© Фото / из семейного архива Атабаевых

Залкар комузчу Самара Токтакунова Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында Аксуубай Атабаев менен бирге окуган. Ал аскерде кызмат өтөп жүргөн учурда Токтакунова "Курбулар" аттуу ырдын тексти менен обонун дирижер Эсенгул Жумабаевге көрсөтөт. Жумабаев оркестрге салып, ырчы Сабира Суранчиевага ырдатат. Жогорудагы ыр "Кыргыз радиосунун" эфиринен берилип, эл арасында абдан популярдуу болот

Залкар комузчу Самара Токтакунова Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында Аксуубай Атабаев менен бирге окуган. Ал аскерде кызмат өтөп жүргөн учурда Токтакунова "Курбулар" аттуу ырдын тексти менен обонун дирижер Эсенгул Жумабаевге көрсөтөт. Жумабаев оркестрге салып, ырчы Сабира Суранчиевага ырдатат. Жогорудагы ыр "Кыргыз радиосунун" эфиринен берилип, эл арасында абдан популярдуу болот - Sputnik Кыргызстан
7/15

Залкар комузчу Самара Токтакунова Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында Аксуубай Атабаев менен бирге окуган. Ал аскерде кызмат өтөп жүргөн учурда Токтакунова "Курбулар" аттуу ырдын тексти менен обонун дирижер Эсенгул Жумабаевге көрсөтөт. Жумабаев оркестрге салып, ырчы Сабира Суранчиевага ырдатат. Жогорудагы ыр "Кыргыз радиосунун" эфиринен берилип, эл арасында абдан популярдуу болот

© Фото / из семейного архива Атабаевых

Аксуубай аскердик кызматын өтөп жүргөн учурда өпкөсүнө суук тийгизет. 1961-жылы бул дарттын айынан Кыргызстанга кайтат. Атабаев "обондорумдун башаты — "Курбулар" ыры" дечү

Аксуубай аскердик кызматын өтөп жүргөн учурда өпкөсүнө суук тийгизет. 1961-жылы бул дарттын айынан Кыргызстанга кайтат. Атабаев "обондорумдун башаты — "Курбулар" ыры" дечү - Sputnik Кыргызстан
8/15

Аксуубай аскердик кызматын өтөп жүргөн учурда өпкөсүнө суук тийгизет. 1961-жылы бул дарттын айынан Кыргызстанга кайтат. Атабаев "обондорумдун башаты — "Курбулар" ыры" дечү

© Фото / из семейного архива Атабаевых

Аксуубай Атабаев УТРКга берген маегинде "Он сегиз жаш" аттуу чыгарманы акын Кемел Бакашов менен биргелешип жазышканы тууралуу айткан. Бул ырдын обонун да Атабаев жазган

Аксуубай Атабаев УТРКга берген маегинде "Он сегиз жаш" аттуу чыгарманы акын Кемел Бакашов менен биргелешип жазышканы тууралуу айткан. Бул ырдын обонун да Атабаев жазган - Sputnik Кыргызстан
9/15

Аксуубай Атабаев УТРКга берген маегинде "Он сегиз жаш" аттуу чыгарманы акын Кемел Бакашов менен биргелешип жазышканы тууралуу айткан. Бул ырдын обонун да Атабаев жазган

© Фото / из семейного архива Атабаевых

Атабаев акын Какен Алмазбековдун "Чагылган" аттуу ырына обон жазат. Бир аз убакыттан кийин дагы бир акын Абзий Кыдыровдун "Таалайбек" аттуу чыгармасын ырга салат

Атабаев акын Какен Алмазбековдун "Чагылган" аттуу ырына обон жазат. Бир аз убакыттан кийин дагы бир акын Абзий Кыдыровдун "Таалайбек" аттуу чыгармасын ырга салат - Sputnik Кыргызстан
10/15

Атабаев акын Какен Алмазбековдун "Чагылган" аттуу ырына обон жазат. Бир аз убакыттан кийин дагы бир акын Абзий Кыдыровдун "Таалайбек" аттуу чыгармасын ырга салат

© Фото / из семейного архива Атабаевых

1967-жылы Атабаев "Он сегиз жаш", "Чагылган" жана "Таалайбек" ырларын жаш ырчы Зейнеп Шакеевага сунуштап, үч ырды бир күндө жаздырышат

1967-жылы Атабаев "Он сегиз жаш", "Чагылган" жана "Таалайбек" ырларын жаш ырчы Зейнеп Шакеевага сунуштап, үч ырды бир күндө жаздырышат - Sputnik Кыргызстан
11/15

1967-жылы Атабаев "Он сегиз жаш", "Чагылган" жана "Таалайбек" ырларын жаш ырчы Зейнеп Шакеевага сунуштап, үч ырды бир күндө жаздырышат

© Фото / фото из личного архива Камчыбека Букалаева

Бул чыгармалар радиодон берилип, элдик ырларга айланат. Кызыгы — аларды аткарган Шакеева өзү да 18 жашта эле. Бул үч ыр эл арасында жаштык, сүйүү жана бейкутчулуктун гимни болуп калды

Бул чыгармалар радиодон берилип, элдик ырларга айланат. Кызыгы — аларды аткарган Шакеева өзү да 18 жашта эле. Бул үч ыр эл арасында жаштык, сүйүү жана бейкутчулуктун гимни болуп калды - Sputnik Кыргызстан
12/15

Бул чыгармалар радиодон берилип, элдик ырларга айланат. Кызыгы — аларды аткарган Шакеева өзү да 18 жашта эле. Бул үч ыр эл арасында жаштык, сүйүү жана бейкутчулуктун гимни болуп калды

© Фото / из семейного архива Атабаевых

1960-жылдардын аягында Казакстандын атактуу композитору, "казак вальсынын падышасы" Шамшы Калдаяков борбор калаага Атабаев менен атайын кезигүүгө келген. Бул жолугушуунун күбөсү белгилүү журналист маркум Орузбай Абдулхакимов "казак элинин чолпон жылдызы композитор Шамшы Калдаяков "Он сегиз жаш" менен "Чагылган" ырларынын обондорун жазган Аксуубай менен кыргыздын асманында улуу тагдыр пайда болду" деп Атабаевге суктанганын айтып берген

1960-жылдардын аягында Казакстандын атактуу композитору, "казак вальсынын падышасы" Шамшы Калдаяков борбор калаага Атабаев менен атайын кезигүүгө келген. Бул жолугушуунун күбөсү белгилүү журналист маркум Орузбай Абдулхакимов "казак элинин чолпон жылдызы композитор Шамшы Калдаяков "Он сегиз жаш" менен "Чагылган" ырларынын обондорун жазган Аксуубай менен кыргыздын асманында улуу тагдыр пайда болду" деп Атабаевге суктанганын айтып берген - Sputnik Кыргызстан
13/15

1960-жылдардын аягында Казакстандын атактуу композитору, "казак вальсынын падышасы" Шамшы Калдаяков борбор калаага Атабаев менен атайын кезигүүгө келген. Бул жолугушуунун күбөсү белгилүү журналист маркум Орузбай Абдулхакимов "казак элинин чолпон жылдызы композитор Шамшы Калдаяков "Он сегиз жаш" менен "Чагылган" ырларынын обондорун жазган Аксуубай менен кыргыздын асманында улуу тагдыр пайда болду" деп Атабаевге суктанганын айтып берген

© Фото / из семейного архива Атабаевых

Аксуубай кичи мекени Ак-Булуң айылында эс алып жүргөн маалда акын Абдыш Токторовдун "Тоолор" ырына обон жазат. Ыр тез жайылып кетет. Маркум кинорежиссер Дооронбек Садырбаев бул ырды Төө-Ашууда Атабаевдин аткаруусунда тарткан. Маданият ишмерлери бул чыгарманы советтик Кыргызстандын алгачкы клиби дешет

Аксуубай кичи мекени Ак-Булуң айылында эс алып жүргөн маалда акын Абдыш Токторовдун "Тоолор" ырына обон жазат. Ыр тез жайылып кетет. Маркум кинорежиссер Дооронбек Садырбаев бул ырды Төө-Ашууда Атабаевдин аткаруусунда тарткан. Маданият ишмерлери бул чыгарманы советтик Кыргызстандын алгачкы клиби дешет - Sputnik Кыргызстан
14/15

Аксуубай кичи мекени Ак-Булуң айылында эс алып жүргөн маалда акын Абдыш Токторовдун "Тоолор" ырына обон жазат. Ыр тез жайылып кетет. Маркум кинорежиссер Дооронбек Садырбаев бул ырды Төө-Ашууда Атабаевдин аткаруусунда тарткан. Маданият ишмерлери бул чыгарманы советтик Кыргызстандын алгачкы клиби дешет

© Фото / из семейного архива Атабаевых

1960-70-жылдары Атабаевдин замандаштары "Аксуубайдын ырлары менен таң атып, кеч кирет" дешер эле...

1960-70-жылдары Атабаевдин замандаштары "Аксуубайдын ырлары менен таң атып, кеч кирет" дешер эле... - Sputnik Кыргызстан
15/15

1960-70-жылдары Атабаевдин замандаштары "Аксуубайдын ырлары менен таң атып, кеч кирет" дешер эле...

Тема боюнча:
Театрдын жарык жылдызы эле... Актер Азиз Мурадилаевдин сүрөттө калган элеси
Толгонай, Асел, Сейде... Айтматовдун каармандары театр сахнасында
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү
Аксуубай Атабаевдин кызы: атамды Рысбай Абдыкадыров "кыргыз обонунун пири" дечү
Жаңылыктар түрмөгү
0