09:07 28 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
323 0 0

Вашингтон менен кер-мур айтышкан Париж НАТОдон чыгуу тууралуу ойлонуп турган кези. Жозеф Байден телефон чала калып кырдаалды жөнгө салымыш болду.

Кандай болгон күндө да Эммануэль Макрон Ангела Меркелден кийин Евробиримдикте лидер болууга ниеттенгендей, мындан улам өз алдынчалуулукка ыктап жатат. Француздар максат-мүдөөсүнө башкалардын урмат-сый менен мамиле жасашын канчалык каалабасын, буга ошол эле Европадагы союздаштары тоскоол жаратышы ыктымал. Париж менен Вашингтондун алакасына Ксения Мельникова көз салып, макала РИА Новостиге жарыяланды.

Франция куру үмүткө алданбай НАТОдон чыгышы керек. Аны менен бирге Вашингтон Тулузага жайгаштырмак болгон альянстын космостук коопсуздук жаатындагы алдыңкы борборун түзүү оюнан кайтканы оң. Мындай пикирин Улуттук жыйындын депутаты, "Багынбаган Франция" солчул партиясынын лидери Жан-Люк Меланшон билдирди. Эл өкүлүн "Улуттук биримдиктин" башчысы Марин Ле Пен да колдоого алган. Американы жактырбагандык ошентип саясий атаандаштардын башын бириктирип койду.

Мындай кескин жасалган билдирүүлөрдү деле түшүнсө болот: Франция менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык жаңжал азыр күчөп турган маал. Бешинчи республика Австралиянын франциялык Naval Group компаниясы менен суу алдында жүрчү 12 кайык куруу боюнча ири келишимди бузуп, Американын атомдук субмариналарын тандап алганына таарынган. Мындан тышкары, Австралия, АКШ жана Улуу Британия коргонуу жана коопсуздук боюнча жаңы AUKUS биримдигин түзүп жатканын жар салып, чакырмак тургай Францияга бул тууралуу айтышкан да эмес. Ал эми Париж Тынч океан регионунда өзүн бийик сезчү, Вашингтонго өзүн тең ата көрчү.

56 миллиард долларлык келишимдин бузулушу Франция үчүн бир топ катуу эле сокку болду. Өлкө эли АКШнын "далыга урган бычагы" Париждин англосакстар менен байланышын солгундатып, кедергисин тийгизет деп жатат.

Франция Австралия менен АКШдагы элчилерин чакыртып алды. Коргоо министри Флоранс Парли Вашингтон эбак эле ишенимдүү өнөктөштүн катарынан чыгарылганын билдирген. Ал эми Макрон Чесапик салгылашуусунун 240 жылдыгын чогуу майрамдоодон жана АКШда декабрда өтө турган демократия форумуна катышуудан баш тартты. Президент болуп өткөн нерсенин баарын өзүнө алганын жашырган да жок, мындан улам НАТОго мүчө болуунун кажетин талкуулай турган болуп турат.

Франция буга окшогон кырдаалды башынан кечирген. 1966-жылы Шарль де Голль америкалыктардан сый мамиле талап кылып, өлкөнү альянстагы саясий структураларда калтырып, аскердик уюмдардан чыгарып алган. Блокко мамлекет 2009-жылы Николя Саркозинин тушунда гана кайра кирди. Буга социалисттер каршы чыккан, алар Улуттук жыйынга өкүлдөрүн жөнөтүп, НАТОго мүчөлүк АКШдан көз карандуулукка кептей турганын айттырган.

АКШга каршы бирдиктүү фронт менен

Бул жаңжалда Евробиримдик Франция тарап болууда. Брюссель Париж менен келишимди бузуу — бүтүндөй блокко далы салгандык деп демитип жатат. Байдендин европалык союздаштар менен элдешүү аракетинен майнап чыккан жок.

Суу алдында жүрө турган кайыктардын окуясынан кийин кээде оозуна алы жетпей кетчү Дональд Трамп да европалыктар үчүн сүйлөшүүгө ыңгайлуу адам болуп калды, ал жок дегенде оюн жашырчу эмес. Азыр Евробиримдиктин башчысы Шарль Мишель Вашингтонго ишенип болбой турганын, азыраак таянып, ЕБдин өзүнүн коргонуу потенциалын күчөтүү керектигин белгиледи.

Брюссель көптөн бери эле суверендүү куралдуу күчтөрдү түзүүнү кыялданып келет. Бирок пландан ары иш жылган жок: Польша, Британия жана Балтика өлкөлөрү буга каршы. АКШнын өзү дагы демилгени колдобойт, анткени мындай жагдай Европага америкалык таасирди азайтып жиберет.

Бирок The Telegraph ушул мезгил алдыга секирик жасоого ыңгайлуу учур экенин белгилеп, Макрон лидердин ролуна туура келчү жалгыз талапкер экенин жазууда. Ангела Меркелдин аренадан кетиши Франция президентине бирдиктүү Европада эки тизгин бир чылбырды колго алууга мыкты мүмкүнчүлүк берет, демек, аскерий интеграция идеясын алдыга жылдырууга да жол ачылат.

1-январдан тарта Франция Евробиримдикке төрагалык кылмакчы. Эмдиги жылы коргонуу маселелери боюнча саммит өтүп, анда ыкчам аракетке келүүчү күчтөр боюнча жагдай аныкталат.

Шайлоо алдындагы даярдык

Ал арада Франциянын өзүндө президенттик кампания башталды. Шайлоо жети айдан кийин өтөт. Азырынча талапкер деп Макрон, Меланшон жана Ле Пендин аты аталууда, ошондой эле эл оозунда журналист жана саясат таануучу Эрик Земмур да жүрөт. Теледебаттарга катышканы менен ал жарышка түшөр-түшпөсүн азырынча ачыктай элек.

"Макрондун ушу таптагы тышкы саясий кадамдары популярдуулугун арттырган жок. Ошентсе да коомдук пикир боюнча алдыда бара жатат. Өлкөнүн ички көйгөйү көп: реформалардын көбү ишке ашпай калды. Мындан улам президент тышкы көзүрлөрдү болушунча пайдаланууга аракет кылат", — деди Россия илимдер академиясынын Европа институтунун алдыңкы илимий кызматкери Сергей Федоров.

Анын пикири менен Россиянын эл аралык иштер боюнча кеңешинин башкы директору Андрей Кортунов да макул. "Өлкөнүн ичиндеги аракеттер ордунан жылбай турат. Мунун ордун тышкы саясаттагы ийгиликтер менен толтуруу керек. Улуу держава макамы франциялык шайлоочу үчүн куру сөз эмес", — деди ал.

Азыр Парижге ыңгай келип турат. "Британия чыгып кеткенден кийин Франция Евробиримдиктин жалгыз өзөктүк державасы жана ЕБ өлкөлөрүнүн ичиндеги БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон жалгыз мамлекет болуп калды. Мындай абал франциялыктарга майдай жагып турат. Макрон керектүү учурда ЕБ боюнча союздаштарын өзөктүк арсенал менен коргой аларын кокусунан эле айта калган жок", — деп түшүндүрдү эксперт.

Ошентсе да Кортунов алака бузулганы менен 50 жыл мурунку окуя кайталанып, Франция НАТОдон чыкпайт деген пикирде. Парижге АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен келсе, Вашингтонго франциялык элчи Филипп Этьен жөнөп кетти. Ал эми Франция азыр келтирилген чыгымдын орду толушун күтүп турган чагы.

Тема боюнча

F-35 эмне үчүн начар беш истребителдин катарына кирип калды?
АКШ "Талибан"* кыймылын расмий тааныйбы? Байдендин жообу
Белгилер:
Франция, Евробиримдик, АКШ, НАТО, Австралия, саясат, экономика, шайлоо, курал, коргонуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ