10:05 25 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.2620
  • EUR99.2101
  • RUB1.1423
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
295 0 0

Адистин айтымында, учурда кишилер тамакты ого эле тоё жегендиктен, ашказандын чоюлуп кетиши кеңири жайылган көрүнүш болуп калды.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Ашказан чоюлуп кетпеш үчүн адам катуу нерсени 33 жолу чайнап туруп жутушу керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине эндокринолог, медицина илимдеринин кандидаты Зухра Павлова билдирди.

Адистин айтымында, учурда кишилер тамакты ого эле тоё жегендиктен, ашказандын чоюлуп кетиши кеңири жайылган көрүнүш болуп калды.

"Адамдын организмге жетиштүү тамак жегени тууралуу маалымат мээге бир аз убакытка кечигип жетет. Ошол үчүн дасторкондон аз-маз тойбой калгандай сезим менен туруп кеткен туура. Бирок дайыма эле ушинте берсек, мындай чектөөлөрдөн улам невроз илдети пайда болушу мүмкүн. Андыктан ашказанды чойбоонун башка жолун колдонуу керек", — деди адис.

Ал үчүн Павлова катуу тамакты 33 жолу чайнап жеген туура экенин айтты.

"Катуу тамак — бул эт, нан, жер-жемиштер, айрым дан азыктары. Өзүңөрдү текшерүү үчүн бир гана күн эксперимент кылып көрсөңөр болот. Бул кеңешимди аткарып көргөн бейтаптар көпкө чайнап жегенде табактагы тамагынын жарымы калганда эле тоюп калганын айтышат. Бул өтө эффективдүү нерсе", — деди эндокринолог.

Ашказан чоюлуп кетүүдөн дагы коркунучтуу илдеттердин бири — залалдуу шишик. Буга чейин Sputnik редакциясы ашказан рагын баштапкы стадиясында кантип аныктоого болору тууралуу жазган

Тема боюнча

Дарыгер ашказан рагынын алгачкы белгилерин атады
Ашказанды бузат. Шарапты кайсы тамактар менен аралаштырбоо керектиги айтылды
Белгилер:
эндокринолог, ашказан, тамак

ЭҢ МААНИЛҮҮ