Кечирим сураган жок. Флойдду өлтүргөн полиция кызматкери 22 жылга кесилди

© AFP / COURT TVАфроамерикалык Жордж Флойдду өлтүргөн полициянын мурдагы кызматкери Дерек Шовин сот учурунда
Афроамерикалык Жордж Флойдду өлтүргөн полициянын мурдагы кызматкери Дерек Шовин сот учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Жазылуу
Флойддун өлтүрүлүшү АКШда массалык нааразычылыктарды жана башаламандыктарды жаратып, полицияны реформалоо зарылдыгы турганы жөнүндө дискуссиялар болгон.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Афроамерикалык Жордж Флойдду өлтүргөн полициянын мурдагы кызматкери Дерек Шовинди Миннеаполис шаардык соту 22,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Сот Питер Кэхилл өкүм коомдук пикирге жана "эмоциялар менен симпатияларга" негизделбегенин билдирди. Ал маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып жатып, мындай кылмыш үчүн адатта 12 жыл жаза берилерин, бирок Шовин 10 жылга көбүрөөк отурарын белгилеген.
"Бул чечим сиздин кызмат абалыңызды жана ишенимди кыянаттык менен пайдаланганыңызга жана Жордж Флойдго жасаган өтө одоно аракетиңизге негизделди", — деп түшүндүргөн Кэхилл.
Казань шаарындагы мектепке куралдуу кол салды деп шектелип жаткан Ильназ Галявиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Казань: мектепте окуучуларды аткылады деп шектелген бала 2 айга камалды
Шовин абактан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эртерээк 15 жылдан кийин чыга алары айтылат. Прокурор ага башында 30 жыл берүүнү суранган. Полициянын мурдагы кызматкери жабырлануучунун туугандарынан кечирим сураган эмес.
"Флойддун үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Кийинчерээк сиздерди бир аз болсо да жооткото турган маалымат угасыздар", — деп Шовин өкүм чыгар алдында билдирген.
2020-жылы 25-майда Флойддун өлтүрүлүшү АКШда массалык нааразычылыктарды жана башаламандыктарды жаратып, полицияны реформалоо зарылдыгы тууралуу дискуссиялар болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0