08:29 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
18201

Сириянын түндүгү жана түндүк-чыгышы дээрлик Дамасктын көзөмөлүнөн тыш. Ал жакта Анкара оорукана, мектептерди куруп, жеке күбөлүк берип, айлантууга түрк лирасын киргизүүдө.

Күрд райондоруна туркомандарды, суннит арабдарды жайгаштырууда. Сирия Араб республикасынын суверенитетине Түркия коркунуч туудурабы? Бул собол тегерегинде Ксения Мельникова эксперттердин пикирлерин топтогон.

Мыйзамсыз кириш

"Сирия Тышкы иштер министрлиги түркиялык режимдин аракеттерин айыптайт. Ал террорчулар тарабынан көзөмөлдөнгөн Идлиб райондорунда жарандык абал актыларын каттоо үчүн механизм түзгөн.

Сириялык жеке күбөлүктөр жана үй-бүлөлүк документтерди жокко чыгарып, аларды мыйзамсыз түркиялык документтерге алмаштырып жатышат. Бул түрктөштүрүү саясатынын чектен чыгышы", — деп маалымдайт сириялык маалымат агенттиги.

Дамасктагылар өлкөгө Франция жана Нидерландыдан делегациянын "мыйзамсыз киришин" айыптады. Алар "Сириянын демократиялык күчтөрү" (SDF) араб-күрд түзүмү тескеген аймактарда болушкан. Тышкы иштер министрлигиндегилер муну “Сирияга каршы агрессия” жана “эл аралык укуктун кескин бузулушу” деп аташкан.

Сирия Араб республикасынын түндүк-чыгышындагы күрд автономдук администрациясы “Ислам мамлекети”* террорчул топтордун согушкерлеринин төрт тууганын – бир аял жана үч баланы голландиялык өкмөткө өткөрүп берген.

Даниэль Миттеран фондунан жана Париж мэриясынан келген француз делегациясы Камышлы калаасына келген. Сапардын максаты тууралуу сөз жок. Дамаскка бул тууралуу алдын-ала кабар берилбегени гана белгилүү.

Батыш өлкөнүн түндүк-чыгышы борбордук бийликке баш ийбегенин көзгө сайып көрсөткүсү бар. Чындыгында андай эмес. Маселен, 26-майдагы президенттик шайлоодо Камышлы жана Эль-Хасекте шайлоо тилкелери иштеди.

Жайылып бараткан түрктөшүү

Түркия менен чектешкен түндүктө таптакыр башкача. Анкара ал жакта күрддөргө – “Зайтун бутагына” каршы 2018-жылдын январынан март айына дейре, ал эми “Евфрат калканына” каршы 2016-жылдын августунан 2017-жылдан мартына чейин аскердик операцияларды жүргүзгөн. Бул аймактарда, ошондой эле Идлиб деэскалация зонасында да сириялык оппозициянын түрктөргө ыктаган күчтөрү дагы да бар. Батыш жана араб маалымат каражаттары аймактын түрктөшүүсүн кайра-кайра айтып келишет. Калктуу пункттарга түркчө аталыштар берилип, лира сириялык фунтту сүрүп чыгарды. Демографиялык курам да өзгөрүүдө: күрд райондоруна туркоман жана суннит арабдар көчүрүлүүдө.

Анкара адатынча жумшак күчтү пайдаланууда. Мектептерди кайра калыбына келтирип же жаңыдан куруп, программасы да түркиялык багытка салынган. Мисалы, "Осмон оккупациясы" тарых боюнча окуу китептеринде "Осмон үстөмдүгүнө" алмаштырылган.

Миңдеген мугалимдер коңшу мамлекеттен маяна алат, түрк тили биринчи класстан тарта окутулат. Бүтүрүүчүлөргө Түркиянын университеттерине тапшыруу сунушталат. Ооруканаларды калыбына келтирүүнү да Анкара каржылайт. Майдын аягында Anadolu агенттиги Түркия Идлибде электр берүүнү жөнгө салганын маалымдаган. Ремонттук иштер жети айга созулган. Буга дейре электр кубатын күнүнө эки саат гана берилчү.

Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн жоопкерчилигиндеги зонада согушкерлер 29-майда мамлекеттик үлгүдөгү диплом алуу үчүн зарыл экзамендерге окуучуларды өткөрбөй койгон. Куралчан адамдар окуучулар бараткан автобустарды токтотуп, кайра баарын артка жөнөткөн.

Дооматтар арбын

Ушул айдын алгачкы күндөрү Түркияга БУУнун алдындагы америкалык туруктуу өкүл 

Линда Томас-Гринфилд барган. Сирия Араб республикасынын түндүгүнө "Баб аль-Хава" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу гуманитардык жардамды үзгүлтүксүз жеткирүү жөнүндө макулдашышкан. Bloomberg муну “Россиянын Сирияны колдоого бөгөт коюу аракеттерин токтотууга багытталган демилге” деп атады. Аталган көзөмөл-өткөрүү пунктуна берилген мандат 10-июлда аяктайт. Батыш Түркия менен биргеликте аны узартууну талап кылууда. Россия ага караманча каршы.

Анкара БУУнун көзөмөлү болбосо, Түркияны кайрадан сириялык качкындар каптай турганын айтат. Москвадагылар бул көзөмөл-өткөрүү пунктунун кереги жоктугун, анткени ал аркылуу түшкөн жардам тегиз бөлүштүрүлбөй, негизинен согушкерлердин колуна тиет.

"Баб аль-Хава" пунктун өлкөнүн ичиндеги жабдуулар алмаштырат. Аталган пунктту тескеген террорчулар жардамдын ачык жеткирилишине кызыкдар эмес", — деп жазган БУУдагы Россиянын туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский Twitter баракчасына.

Москва менен Анкаранын Сирия боюнча макулдашуулардын аткарылышы боюнча дооматтары артып барат. Эске салсак, бул келишимге былтыр март айында Россия менен Түркиянын президенттери кол койгон. Тараптар ок атууну токтотуу режими бузулган учурларды улам каттап, жаракат алгандар жөнүндө ар башка маалыматтарды келтиришет. Жазында келишим бузулуп да кала жаздаган.

Анкара Идлибдеги деэскалация зонасына сокку уруу жана "бейкүнөө адамдардын өлүмүнө" сириялык аскерлерди жана президент Башар Асаддын өзүн айыптаган.

Сирия оппозициясы россиялык Аба-космостук күчтөрүнүн "Баб аль-Хава" көзөмөл-өткөрүү пунктуна жасаган чабуулу боюнча кабарлаган. Мындан тышкары, түркиялык Аскердик аба күчтөрү бир жарым жыл аралыгында алгач жолу Ракка провинциясына чабуул койгон.

"Өз ара аракеттешүү жүргүзүлгөн райондордо кырдаал кыйла татаал, жагдайды жөнгө салууга жолтоо болгон террордук элементтер дале бар. Ошентсе да иш уланып келет. Сирия боюнча эки ача пикирлер да бар", — деп белгилейт Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Сыр бербестен...

Кеп түндүктө түркиялык аскер күчтөрү мыйзамсыз жүрүшсө да, Түркия өзүн Сирияда өз үйүндөгүдөй алып жүргөнүндө. Анын бул аймакка келиши боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечими да жоктугун, Дамаск да чакырбаганын белгилейт Россия Илимдер академиясынын Е.М.Примаков атындагы Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун улук илимий кызматкери, Россия ТИМинин алдындагы Дипломатиялык академиянын доценти Владимир Аватков.

"Маңызында мындай гибриддик технологиялар менен Анкара неоОсмонизм, түркиялык ислам жана ал түгүл неопантүркчүл концепциянын алкагында таасирин кеңейтүүгө аракеттенет. Түрктөр жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү туркомандар, башкача айтканда, Осмон империясынан бери калган түрктөр экенин айтып даттанышат. Чындыгында Түркия чабуулдук, агрессивдүү саясат жүргүзүүдө, бул сириялык багытка гана мүнөздүү эмес", — дейт саясат таануучу.

Ага чыгыш таануучу, публицист Андрей Онтиков да кошулат. "Суверенитетти бузуу боюнча Дамасктын айткандары негиздүү. Күрд райондорунда, маселен, Афринде Анкаранын кандай аракети болбосун жактырышпайт. Күрддөр менен суннит арабдар жана туркомандар жанаша жайгаштыруу менен бул жакта түрктөр демографиялык балансты өзгөртүү аракетинде. Ал эми алар Түркияга ыкташат эмеспи", — деп түшүндүрөт биздин маектеш.

Идлибде террордук анклав түптөлүп, анда кыйла радикалдуу топтор орун алганын айтат эксперт. Сириялык суверенитеттин калыптанышына алар кызыкдар эмес.

"Түрктөр бул аймактарды четинен кертип жана Түркияга кошуп алууга акырын шарт жаратууда", — дейт чыгыш таануучу. Бирок Анкарага Москва бул маселеде тоскоол болушу ыктымал. Анткени ал дипломатиялык каналдар боюнча иш алып барып же жеринде кырдаалды жөнгө салууга даяр. 2020-жылдын башында Идлибде абал олуттуу түрдө курчуган. Россиянын колдоосу менен сириялыктар маанилүү стратегиялык райондорду бошотуп алган. Акыры жүрүп отуруп Түркияны да Сириядан чыгып кетүүгө аргасыз кылары да толук мүмкүн.

*Бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук топ.

Тема боюнча

Бешинчи муундагы Су-57 америкалык учактарды рыноктон сүрүп чыгарат
Белгилер:
күч, Аскер, коопсуздук, Сирия, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ