15:44 25 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
253 0 0

Статуянын ичинен телефон аппаратын эңкейип алам деген киши башы менен түшүп, ошол бойдон чыга албай калган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Испанияда полиция кызматкерлери динозаврдын статуясынын ичинен кишинин сөөгүн тапкан. Бул туурасында The Guardian басылмасы кабарлады.

Окуя Барселона шаарынын четинде жайгашкан Санта-Колома-де-Граменет деп аталган аймакта болгон. Ишемби күнү жашоочулардын бири баласы менен сейилдеп жүрүп, динозаврдын статуясынын ичинен жагымсыз жыт келип жаткандыгын сезген. Эстеликтен адамдын бутуна окшогон нерсенин чыгып турганын байкап, полиция чакырган.

"Алдын ала божомолго караганда, киши статуянын ичине телефон аппаратын түшүрүп жиберип, аны өз алдынча алып чыкканга аракет кылган. Ал эңкейип, бирок өйдө боло албай буту асманды караган боюнча кала берген. Медиктер өлүктүн ичин ачып жыйынтыгын айткандан кийин сөөктүн канча жаткандыгын билебиз. Кыязы, эки күнгө чейин калып калган окшойт", — деген аймактык полициянын өкүлү Моссос Д"Эскуадра.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Más que Guardia Civil (@masqueguardiacivil)

Ичинен өлүктү тапкандан кийин динозаврдын статуясын ал жерден алып салышкан. Эстелик ал жерге эски кинотеатрды реклама кылуу үчүн орнотулгандыгын айтышты.

Тема боюнча

Санкт-Петербургда бийиктен кулаган 31 жаштагы кыргызстандыктын сөөгү бүгүн келет
Белгилер:
Испания, динозавр, окуя, өлүм

ЭҢ МААНИЛҮҮ