21:52 11 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7863
  • EUR100.7855
  • RUB1.0988
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Донбасста кырдаал курчуп турганда АКШ Европадагы аскердик базаларын "болжолдуу каатчылык" деңгээлинен "потенциалдуу кризис" нугуна которду.

Америкалык New York Times басылмасы Украинанын түштүк-чыгышындагы согуштук аракеттердин ырбашынан, ошондой эле "Москва тарабынан аймактагы аскердик активдүүлүктү күчөткөнүнөн" улам Пентагон ушундай кадамга барууну чечкенин маалымдады. Жагдайга РИА Новости сереп салган.

Украинанын түштүк-чыгышында быкшып турган аскердик-саясий от дагы алоолонгону турат. Минск келишимин көзгө илбестен ага кайрадан Киев май чачууда. Донбасс эл республикасы жана Луганск эл республикасынын өкүлдөрү бир нече аптадан тарта элдешүү келишиминин бузулушу тууралуу ондогон учурлар болгонун маалымдоодо. Калктуу пункттарга артиллериялык жана миномёттук сокку урулуп, жай тургундар арасында набыт болгондор да бар.

Өзүн-өзү жарыялаган Донбасс эл республикасынын лидери Денис Пушилин учурда тынчтыктын сакталышы арсар болуп калды деп эсептейт.

"Киевдин аракеттерине караганда андай күндөн күдөр үзүлчүдөй, — деди ал "Россия 24" телеканалына берген учкай маегинде — ДЭР, Луганск эл республикасындай эле жаңжал дал саясий ыкма менен жөнгө салынышы үчүн колдон келгенин бүт аткарып келет. Аттиң, Киев таптакыр башка нукка багыт алгандай... Жалган, манипуляция... Биз азыр Украина тараптан ушуларды гана көрүп турабыз. Мындай шартта саясий жөнгө салуу мүмкүндүгү өтө аз, дээрлик жокко эсе".

Жакында эле Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби Вашингтон "Россиянын Украина менен чек арасына жакын эмне камдап жатканынан" кабардар экенин айтты. Чагымчылдык билдирүүлөр Батыштан да ушинтип жаңырууда. Ал эми Кремль россиялык армия Украинадагы согуштук аракеттерге буга чейин да, азыр да катышпаганын баса белгилейт. РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Донбасстагы жаңжал — Украинанын ички жагдайы. "Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чагымчыл аракеттеринин айынан жарандык согуштун тутанышын" дүйнөдө эч ким каалабайт.

"Валдай" аналитикалык клубунун аскерий серепчиси Артем Куреев: Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын жетегинде калып, өз алдынча чечим кабыл алууга дараметсиз экенин болжойт.

"Эгер Крым же Донбасска чабуул коюу командасы түшсө, Киев Украинага тийчү залалын ойлобостон аны аткарат, — дейт Куреев. — Анан да Зеленскийге да, Байденге да ири аскердик ийгилик зарыл болуп турат. Донбасс — бул үчүн эң ыңгайлуу жер. Маселенин баары таанылбаган республикалардын куралдуу күчтөрүнүн чабуулуна туруштук берүүгө алы жетип-жетпегенинде, ошондой эле Москванын аларды колдоого даярдыгында. Канткен күндө да Вашингтон үчүн пайдалуу жагдай. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн мизи кайтарылса, дагы бир ирет Россияны дүйнөгө желмогуз көрсөтүп, жаңы, анын ичинде "Түндүк агым — 2" долбооруна байланышкан санкцияларды киргизүүгө жол ачылат.

АКШ коргоо министри Ллойд Остин украиналык кесиптеши Андрей Таран менен сүйлөшүүсүндө "россиялык чагымчылдыктын ырбашын" сынга алды. Пентагон украиналык бийликке "россиялык агрессияга каршы майнаптуу коргоону" өбөлгөлөөгө даярдыгын тастыктады.

Вашингтондогулар 2015-жылдан бери Украинага ар кандай курал сатып алуу жана аскердик адистерди даярдоого эки миллиарддан ашуун доллар бөлгөнүн эске салды.

Америкалыктар мындан ары да Киевди колдоого, ал эми "россиялык агрессия күчөсө Кошмо Штаттар Украинаны жалгыз калтырбоого" убада берүүдө.

"АКШ чындап эле Россия менен жаңжалда Киевди колдой турганын билдирди, — дейт Артем Куреев. — Ачыгында убадасы бүдөмүк. Ооба, Украинанын армиясын бекемдөөгө көмөктөшөт, аскердик техника беришет. Бирок Донбасста ок кайрадан жаңырса, америкалык аскердик адистер, бөлүктөр да пайда болобу? Мындай сценарий — дээрлик үчүнчү дүйнөлүк согуш деген эле кеп".

Эксперт Пентагон андай кадамга даап барарына ынанбайт. Вашингтон Украинанын Куралдуу күчтөрү соңку жети жылда кыйла бекемделди деп эсептейт.

"Жаңжалды ырбатты деп Россияга айып тагып, катаал санкциялардын толкунун жаратуу башка кеп, — деп ой жүгүртөт ал. — Ким биринчи ок атты деп Вашингтон жана Брюссель териштирип отурбайт, баарын эбак чечип коюшкан.

Маселе украиналык армиянын эмнеге жетеринде жана Москванын кандай чара көрөрүндө. Ал эми Европада НАТОнун күчтөрүнүн даярдыгын арттыруу — Киевге белги жана Москвага өзүнчө бир кысым".

Желеде россиялык аскердик техниканын Крым жана Ростов областындагы кыймылы тууралуу роликти көп жарыялашууда. Бирок алар куралдуу күчтөрдүн күндөлүк иши жана пландалган машыгууларына байланышкан. Мисалы, 2-апрелде Кара деңиз флоту Крым жана Краснодар крайындагы күчтөрдүн даярдыгын текшерүүнү баштаган.

Тактикалык машыгуулардын алкагында Кургактагы күчтөрдүн, авиация жана абадан коргонуу бөлүктөрүнүн кеме топтору чабуул коюу жана коргонуу боюнча машыгышкан. Андайда, албетте, күчтөр ары-бери, анын ичинде жалпы жол аркылуу жылып турары бышык.

АКШ жана Украинанын армиялык колониясы тарабынан уюлдук телефондорго тартылган тасмаларды Россиянын аскердик активдүүлүгүн арттырууга "кезектеги далил" катары атап жатышат. Анткен менен Вашингтон да, Киев да өз кадамдары тууралуу унчугушпайт.

Европадан Украинага аба көпүрөсү активдешип жатканы тууралуу бир ооз кеп жок. Бир нече күн бою аскердик-транспорттук учактар аскердик базалардан бул жакка кандайдыр жүктөрдү ташышты. Эгер бул кезектеги биргелешкен машыгууга даярдык болсо да, болжолдуу душман Россия деп так аныкталган.

Эске салсак, НАТО 25 жылдан берки эң ири – Defender Europe 2021 машыгуусуна камылга көрүп келет. Ага 20 миңден ашуун америкалык, 17 миң башка өлкөлөрдөн жоокер тартылат. Чыгыш Европа, Прибалтика, Балкан, Балтий жана Кара деңиз акваторияларында чабуулдук жана коргонуу операцияларына машыгуу пландалууда. Бул иш-чарага жакында эле "НАТОнун кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрүнүн өнөктөшү" макамын алган Украинаны да чакырышат. "Европанын коргоочусунун" Россияга каршы багытын Киевде да тастыкташкан. "Украинанын түштүк-чыгышында кокус толук кандуу куралдуу жаңжал чыгып кетсе, АКШ жана НАТО Россияга каршы аракет этүү үчүн топ түзүшөт, — деп эсептейт аскердик илимдердин доктору Константин Сивков. — Машыгууга жамынып алар Европага АКШдан күчтөрдү жеткирип жатышат. Ушул тапта Донбасста 600 миң жараныбыз бар, Конституцияга ылайык биз аларды коргоого тийишпиз. Бул кырдаалда НАТОнун жаңжалга кийлигишүүсүн толук күтүүгө болот".

Макаланы даярдоодо биз кайрылган серепчилер Украинанын айынан Россия жана Түндүк атлантикалык альянстын катышуусу менен толук кандуу согуш тобокелдиги анчалык жогору эместигин бир ооздон билдиришти. Ал түгүл НАТОдогу абдан кызуу кандуулар да андай авантюра баары үчүн жаман аяктарын жакшы түшүнүшөт.

Тема боюнча

"Чогуу жооп беребиз". НАТО Россиядан сырткары кимден кооптонот?
Белгилер:
стратегия, кармаш, Россия, армия, Донбасс, АКШ, НАТО

ЭҢ МААНИЛҮҮ