00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Из экзотики в классику: как орхидеи прижились в городских квартирах
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как защитить себя от недобросовестных строителей? Советы юриста
20:06
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Карабахтагы согуш бүттү: Пашинян, Алиев жана Путин келишимге кол койду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүНагорный Карабах во время обострения конфликта
Нагорный Карабах во время обострения конфликта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишимге ылайык, Тоолуу Карабахка россиялык тынчтык орнотуучулар барат. Ал эми Армения менен Азербайжандын куралдуу күчтөрү мурда ээлеп турган позициясында калышат.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. 9-ноябрь күнү Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Россия лидери Владимир Путин тарабынан Тоолуу Карабах аймагында куралдуу тирешүүнү токтотуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу РИА новости жазды.

Келишимге ылайык, Тоолуу Карабахка россиялык тынчтык орнотуучулар барат. Ал эми Армения менен Азербайжандын куралдуу күчтөрү мурда ээлеп турган позициясында калышат.

Азербайжан менен Армения жаңы элдешүүгө келмей болду

Үч мамлекеттин башчылары дагы эмне тууралуу макулдашты:

  • 2020-жылдын 10-ноябрында саат 00.00дө (Москва убактысы боюнча) ок атууну токтотуу;
  • Азербайжан менен Армения азыркы ээлеген позициясында токтошот;
  • Агдам району менен Газах районундагы аймак 2020-жылдын 20-ноябрына чейин Азербайжанга кайтарылат;
  • Ошондой эле Армения 15-ноябрга чейин Азербайжанга Кельбаджар районун, 1-декабрга чейин Лачин районун кайтарат. Бирок туурасы 5 чакырым болгон Лачин коридорун өзүнө калтырат. Ал Тоолуу Карабах менен байланышты кармап турууга жардам берет, ошол эле учурда Шушу шаарына тиешеси болбойт;
  • Тоолуу Карабахтын жана Лачин коридорунун чет жакаларында 90 сооттолгон транспортер, 380 атайын техника менен Россиянын 2 миңге чукул тынчтык орнотуучулары жайгашат;
  • Россиялык аскерлер ал жакта беш жыл кызмат өтөшөт. Эгер тараптардын бири белгиленген мөөнөт бүтөрүнө алты ай калганга чейин түзүлгөн кырдаалды токтотуу боюнча каалоосун билдирбесе, россиялык тынчтык ортотуучулар дагы беш жылга кала берет;
  • Ок чыгарууну токтотуу боюнча көзөмөл кылып туруу боюнча тынчтык орнотуу борбору ачылат;
  • Жакынкы үч жылда Лачин коридору боюнча жаңы маршрут түзүлүп, кийин Россия аскерлери бул аймактагы тынчтыкты көзөмөлдөө үчүн жакын жерден орун алышат. Азербайжан бул коридор аркылуу болгон бардык кыймылдар боюнча коопсуздукту кепилдейт;
  • Тоолуу Карабахтан качып кеткен жарандар БУУнун көзөмөлү алдында үйлөрүнө кайтышат;
  • Туткунга алынган аскерлер жана каза болгондордун сөөктөрүн алмашуу болот;
  • Транспорттук кыймылдарга чектөө коюлуп, каттоолорду Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы көзөмөлдөйт;
  • Нахчыван Автономдуу Республикасы менен Азербайжандын батышындагы райондорду байланыштырып турган жолдор курулат.
Жаңылыктар түрмөгү
0