Батыш вакцина жарышынан эмнеге утулууда. Саресеп

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКоронавирустан вакцина сайып жаткан дарыгер. Архив
Коронавирустан вакцина сайып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк вакциналык жарыш марага жакындап барат. Ыргагы жай дешке болбойт, жүрүшү саясий окуялар, кырсык жана жаңжалдар менен коштолду. Жарыштан жакында эле шведдик-британиялык AstraZeneca вакцинасы ыргыды.

Улуу Британия жана АКШ бийлиги жай бүткөнчө россиялык вакцинанын мандемин издеп, "анын 3-фазасынын аякташын күтпөстөн, тездетилген формада катталганын" далилдөөгө тырышкан. Эми өздөрү вакцинасын тездетилген формада каттатууга камынууда. Вакцина жарышына Виктор Мараховский саресеп салган.

Батыш бул иште РФтин артынан орун алганы менен деле маалымат каражаттары Россиянын бул иште "жүзүн ачууга" аракетин токтоткусу жок. Мисалы, CNN каналы: "Путин вакцинасы билим берүү кызматкерлеринин арасында оппозиция тапты", - деп саламаттыгына кооптонгон мугалимдердин кайсы бир чакан профсоюз тобу эмдөөгө каршы чакырык таштап, онлайн-петиция баштаганын кабарлайт.

Канал англис тил мугалими, профсоюз башчысынын "биринчиден, россиялык вакцинанын сапаты чет өлкөлүк вакцинага караганда начар экени жалпыга белгилүү" деген сөзүн келтирет. Экинчиден, өтө тез даярдалганын айтат. "Азырынча мугалимдердин эч бири мажбурлай эмдөө боюнча даттана элек, бирок орус бийлигинен баарын күтүүгө болот", – дейт ал.

Өз башындагы төөнү көрбөй... Россиялык вакцинанын сынчыларына жооп

Же Bloomberg басылмасында жазылгандарды да көңүл сыртында калтыра албадык. Анда кайсы бир америкалык университеттин окумуштуусунун "орус вакцинасын сыноолорунун жыйынтыгынан шек санаганы, анткени Lancet журналында жарыяланган тестирлөө отчетунда изилдөөлөргө катышуучулардын организминде шектүү түрдө антителолордун окшош деңгээли кездешет" деген пикири чыккан.

Жыйынтыктарды бурмалоо туурасында ачык айтылбаса да, "бул Олимпиаданы бурмалаган орустар да" дегенди кыйытууну унутушпайт. CNN жана Bloomberg айлап "адистер шек саноодо", "врачтар ишенбейт", "Россия Путин бийлиги статистиканы бурмалап жатканын боолголоодо" деген ойлорду байма-бай жарыялап келди.

Баса, "кытайлык" вакцинасынын айланасында деле ушундай эле айыптоолор жаңырууда...

Кептин баары АКШда вакцинаны издөө көйгөйү, дегеле коронавируска байланышкан нерселердин баары терең саясатташканында. Азыр жасалышы токтоп турган AstraZeneca вакцинасы – Дональд Трамптын "вакциналык" үмүттөрүнүн бири. Ал 200 миң америкалыктын өмүрүн алып, миллиондогон калктын үмүтүн өчүргөн коронавируска каршы каражатты шайлоочуларына мүмкүн болушунча тез берүүгө ашыгары турган иш. Бул менен Жо Байдендин шайлоо дарбазасына гол киргизилет.

Коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы менен эми жөнөкөй элди эмдөө башталат

Бирок атаандаш тарап да жөн карап турган жок. Россиялык вакцинаны антитрамптык кампаниянын алкагында каралоодон артка кайтпай, "президент кыйыр таасирлери белгисиз, текшерилбеген препаратты рынокко чыгарууга даяр" дешет.

Айтмакчы, антитрамптык кампаниянын "жемиши" да байкалууда. Социологиялык кызматтар америкалыктардын үчтөн эки бөлүгү вакцина пайда болору менен эмдетүүгө ашыкпагыдай маанайда экенин билдиришет. Трампты жеңүү үчүн анын каршылаштары мекендештерин эмдөөгө каршы топко айландыруудан да артка кайтпай турганына күбөбүз.

Ар бир орус "спутниги", мейли ал Жердин тун жасалма спутниги болсун же "Спутник V" болсун, бул адамдарды дүрбөлөң жана будуң-чаңга салат. Баса, спутниктерден соң космонавттардын доору келет. Бирөөлөр Гагариндерди, башкалар жанкечти маймылдарды учурат.

Жаңылыктар түрмөгү
0