UFC башчысы жакында дарга асылган ирандык балбанды эскерди

© AFP / JUSTIN TALLIS 27 жаштагы ирандык грек-рим күрөшү боюнча спортчу Навид Афкари. Архив
 27 жаштагы ирандык грек-рим күрөшү боюнча спортчу Навид Афкари. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Навид Афкари Ирандын грек-рим күрөшү боюнча мыкты балбандарынан болгон. Ал бийликке каршы митингге чыкканы үчүн жакында өлүм жазасына тартылган.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. UFC уюмунун башчысы Дана Уайт 27 жаштагы ирандык грек-рим күрөшү боюнча спортчу Навид Афкаринин өлүм жазасына тартылышына пикир билдирди. Уайт өзүнүн Instagram баракчасына Ирандын көп жолку чемпионуна пост арнаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Dana White (@danawhite)

“Навид Афкарини эскерүү, 1993—2020”, — деп жазган UFC президенти.

Навид Афкаринин таламын UFC башчысы Дана Уайт жана АКШ президенти Дональд Трамп да талашканына карабай өлтүрүлгөн. Афкари 2018-жылы өкмөткө каршы митингге чыкканы үчүн өлүм жазасына тартылып, дарга асылган. Ошондой эле ага бийликти кулатуу үчүн атайын топ түзгөн деген айып тагылган.

Чет жерде өлүм жазасына тартылган кыргызстандыктар. Кылмыштын түрлөрү

Навид Афкари Ирандагы грек-рим күрөшүнүн таанымал балбандарынан болуп саналган. Улуттук жана бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон.
Ирандын Жогорку соту спортчу менен кошо анын эки бир тууганын да 20 айып менен сот жообуна тарткан. Аларды мыйзамсыз жыйындарга катышкандыгы, улуттук коопсуздукка каршы кылмыш жасагандыгы жана Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменейди мазактагандыгы үчүн айыптуу деп тапкан. Бир туугандар белгилүү бир мөөнөткө эркинен ажыратылып, ар бирине 74 балак (камчы) урулган. Ал эми чемпионго эң жогорку өкүм, өлүм жазасы чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0