00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
15:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Театр Боотура» в Бишкеке: якутский эпос, три «Золотые маски» и живой диалог со зрителем
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:07
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россия ТИМи Берлиндин Навальный тууралуу билдирүүсүнө үн катты

© AFP / VASILY MAXIMOVРоссиялык опозициячыл Алексей Навальный. Архив
Россиялык опозициячыл Алексей Навальный. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик Германия Россиянын "Алексей Навальный иши" боюнча бардык кайрылууларына ыкчам жана конструктивдүү жооп берүүгө аракет кылган жок деп эсептөөдө.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Шейшемби күнү АКШнын мамлекеттик департаменти Россияны Навальный ууландырууга ким айыптуу экенин тез арада аныктып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазган маалыматта айтылат.

Ал эми Россиянын Тышкы иштер министрлиги Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) Алексей Навальныйдын айланасындагы окуяга туура эмес мамиле жасап жатканын айтууда.

"Биздин бардык кайрылууларыбызга Берлин ыкчам жана конструктивдүү жооп берүүгө аракет кылган жок. Окуяга туура эмес мамиле жасоодон тышкары Германия бийлиги Россияга да негизсиз чабуул коюуда. Мындай кампания демилгечилердин башкы мүдөөсү Навальныйдын ден соолугу же анын ооруканага жатып калышынын себебин тактоо эмес, санкциялык маанайды күчөтүү экенин тастыктап турат", — деп айтылат Россиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында.

Скотланд-Ярд Скрипаль кайдан ууланганын айтты

Ведомство ГФРдин "Навальныйдын иши" боюнча маалыматы жок экенине карабастан аталган иштин айланасында жаралган дүрбөлөңдү күчөтүп жатканын сынга алды. Мындан сырткары, маалыматтын жоктугунан улам окуя чынында кандай болгонун териштирүүгө Россиянын жолу буулуп турганы белгиленди.

Буга кошумча ТИМ Германия "Навальныйдын иши" боюнча россиялык медиктердин немец кесиптештери менен пикир алышуусуна да тоскоолдук жаратып жатканына токтолгон.

Алексей Навальныйдын иши

Үстүбүздөгү жылдын 20-августунда учакта баратып саламаттыгы начарлаган Алексей Навальный Омск шаарындагы ооруканага жаткырылган. Текшерүүдөн кийин дарыгерлер анын зат алмашуусу начарлап, мындан улам кандагы канттын деңгээли түшүп кеткенин айтышкан. Буга эмне себеп болгону азырынча белгисиз, бейтаптын каны менен заарасынан эч кандай уу табылган эмес.

Кийинчерээк Навальныйды учак менен Германияга жеткиришкен. Шаршемби күнү ГФР өкмөтү аскер дарыгерлерине таянуу менен Навальный "Новичок" тобундагы уу менен ууландырылганын айтып чыккан. Кремль өз кезегинде Берлин Москваны бул тууралуу кабардар кылбаганын айтып, жөнөтүлгөн расмий сурамга жооп күтүүдө.

Навальный ооруканага түшөрү менен ишти прокуратура менен полиция иликтөөгө алган. Россиянын Берлиндеги элчилиги Германия тараптан Башкы прокуратуранын 27-августта жөнөткөн укуктук жардам тууралуу сурамына жооп күтүп жатканын айткан. Россия окуянын ачыкталып, такталышына кызыкдар экени белгиленип, бул үчүн Германиядан маалыматтар зарыл экенин эскертүүдө.

Дүйшөмбү күнү Берлиндеги Charite клиникасы Навальныйдын абалы жакшырып, комадан чыкканын жар салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0