БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Жаштыкты узартуу үчүн кайсы азыктарды колдонуу керектигин диетолог Михаил Гинзбургга таянып РИА Новости жазды.
Ал биринчи кезекте күнүнө эки-үч чыны көк чай ичүүнү сунуштаган.
"Чайдын бул түрүндөгү элементтер карылыкты жайлатып, организмге өмүр берет", — деген ал.
Адамды жашарта турчу азыктардын катарына зайтун майы, зыгырдын үрөнү жана балык кирет. Диетологдун айтымында, аларда каныкпаган май кислоталары көп болгондуктан, кан тамырларды атеросклероздон сактайт.
Ошондой эле адис кандагы глюкозанын деңгээлин көбөйтпөш үчүн кантты башка азык менен алмаштырууну сунуштаган. Маселен, кээде таттууга тартып жатканда ачуу шоколадды жеп коюуга болот.