Аляскада аюулар чаначтай семирип, араң басып калышты. Видео

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүБалык жеп жаткан аюу. Архив
Балык жеп жаткан аюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коруктун кызматкеринин айтымында, аюулардын толуп кетишине Аляска дарыясындагы калориясы жогору лосось балыктарын көп жегени себеп болгон.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. АКШнын Аляска штатынын түштүгүндөгү Катмай коругундагы жапайы аюулар жай айында чээнге киргиче эле семирип кеткенин Mashable басылмасы жазды.

​Жаныбарларды улуттук паркта орнотулган камерага тартып калган. Ошондой эле explore.org сайтынан түз эфирден көрүүгө болот.

Кадрлардын биринде 747-номердеги аюу дарыядан бир аз бийигирээк жерге чыга албай жатканын көрүүгө болот. Буга анын бөтөнчө курсагы тоскоол болгон.

​Кийинки роликте жырткыч кыйналганынан дарыядагы таштын үстүндө отурганын көрүүгө болот.

Арыктасын деп спорт залга алып келинген мышык машыкпай жатат. Күлкүлүү видео

Коруктун кызматкеринин айтымында, аюулардын толуп кетишине Аляска дарыясындагы калориясы жогору лосось балыктарын көп жеши себеп болгон. Балыктын мындай түрү быйыл бөтөнчө көбөйгөнү айтылат.

​Аюулар кышында чээнге киргендиктен денесине майдын корун толтуруп алары белгилүү. Анткен менен адис ал убакка чейин дагы эки ай бар экенин жана салмак кошуу жаныбарлар үчүн уланып жаткандыгын айткан.

Катмай улуттук паркы жана коругу күрөң аюулар эң көп багылган жай. Бул жакта 2500гө жакын аюу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0