Сириядагы кыймыл. Ким элдин каарына калып куугунтуктала баштады?

© Фото / Staff Sgt. Jacob ConnorСириядагы АКШнын аскер кызматкерлери. Архив
Сириядагы АКШнын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскердик базалар жана күзөткө кол салуу, ракеталык аткылоо жана колонналар жүргөн жолдордогу жардыруулар, айтор Сирияда АКШ аскерлери ушундай жагдайларга тушугууда.

Кызыгы, аларга сокку ургандар террордук уюмдар гана эмес... Араб Республикасына америкалыктардын аяк басканына кимдер нааразы экенин биздин өнөктөш РИА Новости агенттиги тактап көргөн.

Чар тараптан

Жакында эле Сириянын түндүк-чыгышындагы Хасеке провинциясында АКШнын мыйзамсыз аскердик базасы ракеталык чабуулга кабылды. Бул жерде Эль-Хасака шаарынан түштүккө карай алтымыш чакырым аралыкта америкалыктар сокку уруучу жана транспорттук тик учак жана учактарды кабыл алуу үчүн аэродром жасашкан. Сириялык маалымат каражаттарынын маалыматтарына караганда, базага белгисиз куралдуу топтор кол салган.

Батыш Россиянын Сириядагы аскердик ийгиликтерин биринчи жолу моюнга алды

Акыркы айларда Сирияда америкалыктарга кайра-кайра ок атылып, алар жоготууларга кабылууда. Айрыкча, ыкчам күзөт тобу "белгисиз" кыймылдардын чабуулуна көп тушугуп жатат. Май айынын аягында АКШ армиясынын аскерлери жана "Сириялык демократиялык күчтөрдүн" жоокерлери бараткан автомобилдердин колоннасына Дейр-эз-Зор провинциясында автомат, пулемет жана гранаталар менен куралданган отряд кол салган. Үч америкалык жана Сирия демократиялык күчтөрүнүн беш мүчөсү жарадар болгон.

Эль-Хасаке провинциясында апрелде да бир нече кол салуу орун алган. Атап айтканда, америкалык аскерлерди жана Сириялык демократиялык күчтөрдүн мүчөлөрүн ташып бараткан "Хаммер" сооттолгон унаасын Рувейшид кыштагынын жанынан "белгисиз адамдар" аткылашкан. Бир топ киши жараланган. Дейр-эз-Зоредеги ушундай эле окуянын натыйжасында АКШ армиясынын офицери жана Сириялык демократиялык күчтөрдүн жоокерлери окко учкан. Дагы бир чабуулдан соң эки аскер дайынсыз жоголуп, алардын тагдыры алигүнчө анык эмес.

Күзөт топторунун жолунда да жардыруулар көп болууда. Өткөн айда Дейр-эз-Зор провинциясындагы Сабха кыштагында автомобилдик колоннаны жардырышкан. Кээде мина коюлган автомобилдер менен жанкечтилер чабуул жасайт. Америкалык аскерлер былтыр январда көп жоготууга дуушар болушкан. Сириянын түндүгүндөгү Манбижде жанкечти жөө күзөт кызматынын жанынан фугасты жардырган. Анда эки аскер – АКШ Коргоо министрлигинин кызматкери жана жалданма жоокер каза болгон. Пентагон Сириядагы ушул өңдүү кол салуулар боюнча маалыматтардын көпчүлүгүн таптакыр танып, аларды жалган кабар деп атоодо.

Сириядагы чыр: АКШ Россиянын "колу канган малынганын" айтты

Ресурстар үчүн күрөш

Аскерий серепчи Юрий Ляминдин пикиринде, америкалык аскердик объектилерге жана күзөткө чабуул АКШ жана алардын союздаштарынын оккупациясында калган жергиликтүү уруулар чабуул коюп жатышы мүмкүн.

"Булар Сириянын чыгышы жана түндүк-чыгышында жашаган арабдар, — деп түшүндүрөт Лямин. — Ушул тапта алар америкалыктар колдогон күрддөрдүн кол алдында калды. Албетте, нааразы адамдар чыкпай койбойт, алар азыркы кырдаалга караманча каршы. Алар регионду Дамаск көзөмөлдөөгө тийиш деп эсептешет. Ошол себептен, ушундай толкундоолор болууда". Анан калса, бул уруулар дурус куралданып, жакшы машыгуудан өтүшөт.

"Өлкөдө бир нече жылдан бери жарандык согуш жүрүүдө, калктын колунда курал жетишерлик санда, — деп белгилейт Лямин. — Аткылоочу гана эмес, минометтор да, оор пулеметтор да, ал түгүл Сирия жана Иракта абдан кеңири таралган кытай же араб өндүрүшүндөгү залп атуучу 107 миллиметрлик жеңил тутумдар да жок эмес".

АКШ Сирияны колдоого алган Россия менен Кытайды жазаламай болду. Видео

Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин саясат таануу жана социология кафедрасынын доценти, "Россия офицерлери" эксперттик кеңешинин мүчөсү Александр Перенджиев америкалык аскерлерге кол салуулар Сириянын ресурстары үчүн коалиция ичиндеги күрөштүн бир бөлүгү болушу ыктымал деген пикирде.

"Иш жүзүндө бул — талап-тоноочулардын өздөрүнүн ортосундагы кармаш, — деп тактай кетти ал. — Бир жагынан Пентагон бар, экинчи тарабынан — ар кыл каржылык-өндүрүштүк топтор. Алар жеке аскердик компаниялардын кызыкчылыгын жактап, ошол эле террорчуларды курал менен жабдышы мүмкүн".

Анын айтымында, Пентагон да сириялык оюнда өз алдынча күч эмес, АКШдагы айрым топтордун кызыкчылыгын коргошот. Ушундай тымызын соккулар Сириядагы пайдалуу кен байлыктары үчүн күрөштүн күч алганын айгинелейт.

"Эгер сириялык армия чабуул койсо, Пентагон дароо муну моюнга алмак, — деп кошумчалайт Перенджиев. — Бирок "белгисиз отряддар" деп коюшканы жашыруун, ички согушун элге жарыялагылары келбегенинен кабар берет. Ошону менен бирге америкалыктар сокку кай тараптан экенин так билишерин бөркүмдөй көрөм".

Элдин каары

Америкалыктардын башына конгон дагы бир кооптуулук — элдин каршылык көрсөтүүсү. Бул аракет, президент Башар Асад белгилегендей, өлкө Сириянын аймагын чет элдик оккупациядан бошотууну көздөйт. Ал эми америкалыктарга нааразы болууга негиз толуп жатат.

Сирия хроникасы: россиялык күзөткө чабуул жана АКШнын активдешүүсү

Июнь айында Хасеке провинциясында Тель-Абъяд шаарынын тургундары өз буудайын мыйзамсыз чыгарылышына жол бербөө үчүн чек ара өтмөгүндө пикет уюштурушкан. Ошол окуянын алдында эле Сириянын Тышкы иштер министрлиги Түркия колдогон согушкерлер жана АКШнын союздук бандиттик түзүмдөрү мамлекеттеги кырдаалды курчутуу ниетинде эгин талааларын жана башка дан азыктарын бир нече ирет өрттөп салышканын билдирген.

АКШнын аскердик командачылыгы жана алардын союздаштары расмий бийликке каршы калкты тукуруу үчүн Сириянын түндүгүндө гуманитардык жагдайды максаттуу түрдө оорлоштурууда.

Көбүнесе америкалыктардын айынан жай жарандар набыт болушат. Май айында АКШ аскерлери Дейр-эз-Зор провинциясында айдоочуну атып салышкан. Алардын бетке кармаган шылтоосу — машина "Коннико" мунай кенинин тушунда негизги трассадан бурулган имиш. Аскерлер муну коркунуч деп санап, ок чыгарышкан.

Ал эми февралда Камышлы шаарынан анчалык ыраак эмес блокпостто сириялык аскерлер макулдашылбаган маршрут менен бараткан АКШ армиясынын колоннасын токтоткон.

Америкалыктар жергиликтүү эл менен жаңжалдын чыгышына түрткү болгон. Натыйжада жоокерлер жай жарандар тарапка да башаламан аткылап киришкен. Ошол тиреште 14 жаштагы Фейсал Халид Мухаммад окко учуп, дагы бир киши жараланган. Окуя автоколоннаны чыгарган россиялык аскерлердин кийлигишүүсү менен гана жөнгө салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0