Батыш Россиянын Сириядагы аскердик ийгиликтерин биринчи жолу моюнга алды

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүСириядагы Россиянын аскер кызматкерлери. Архив
Сириядагы Россиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орустар жардам бербегенде Башар Асад эчак эле жеңилмек дешти. Америкалыктар Москванын жана да Иран менен "Хезболланын" кийлигишүүсүнөн кийин гана Сирия армиясы мыйзамсыз куралчан топтордон өлкөнүн көп бөлүгүн бошотуп алганга жетишкенин моюнга алышты.

Конгресстин иликтөөчү тобу 49 барактан турган "Сириядагы согушка сереп жана АКШнын реакциясы" деген отчётунда ушундай тыянакка келди. Аскердик талдоочулар дагы кайсы жагдайларга көңүл буруп, келечекке байланыштуу кандай божомолдорду келтиришет – бул тууралуу РИА Новостинин материалында.

Ким кандай күчкө ээ?

Документте Сириянын картасы келтирилген. Иордания менен чектешкен жердеги АКШнын Ат-Танф аскерий базасы жайгашкан чакан анклавды эске албаганда, өлкөнүн борборун, батышын жана түштүгүн толугу менен Башар Асаддын өкмөтү көзөмөлдөйт. Түндүк-батыштагы Мухафаза Идлибге экстремисттик топтор жана Түркия ээлик кылат. Өлкө аймагынын түндүгү жана Ефраттын чыгыш тарабы – Сириянын дээрлик үчтөн бир бөлүгү – күрддөрдүн колунда.

Талибдер бийликке умтулууда. Кабул курчоодобу?

Бул жерде талдоочулар бир аз куулук кылышууда, анткени ушул аймактардын бардыгы так Вашингтондун көзөмөлүндө десек болот. Сирияда америкалыктардын саны аз – докладга ишенсек, 600 аскердин айланасында гана. Бирок бул аскерлер мунайга бай чөлкөмдөгү негизги нефти кендерин курчоого алышкан. Ошондой эле Сириянын чыгыш тарабында жеке менчик аскердик компаниялардын жүздөгөн жоокерлери аракеттенип келишет. Документте белгиленгендей, расмий өкмөт АКШ аскерлеринин өлкөнүн аймагына кирүүсүн мыйзамсыз деп эсептейт. Бирок Вашингтон мунай чыккан аймактарды террорчулардан коргоо керек деген жүйөлөрдү айтып келет.

Докладдын авторлору кээде Асаддын аскерлери менен кагылышуулар болуп жатканын жашырышпайт. Мисалы, алардын билдирүүсүндө, быйыл февралда Камышлы калктуу конушундагы блокпостто Сирия аскерлери АКШнын куралдуу күчтөрүнүн патрулуна карай ок чыгарышкан. Эч ким жабыр тарткан эмес. Аны менен катар документте өлкөнүн түндүк-чыгышында орусиялык жана америкалык аскерлердин ортосундагы тирешүүлөрдүн саны өсүп жатканы баяндалат.

АКШ армиясынын аскердик машинелери Россиянын аскердик полициясынын жолун торогонго кылган аракеттери тууралуу толтура видеолорду Интернеттен тапса болот. Бактыбызга, бул аракеттер ок чыгарууга алып келбеди.

Сириядагы чыр: АКШ Россиянын "колу канган малынганын" айтты

Россия эч жакка кетпейт

Өлкөнүн аймагындагы Ирандын объектилерине израилдик учактардын соккулары жана антиорусиялык санкциялар Москва менен Иранды Башар Асадды колдоодон баш тартууга же жок дегенде кандайдыр бир деңгээлде жардамдарын чектөөгө алып келбегенин америкалыктар моюнга алууга аргасыз болушту.

"Жакынкы чыгыштагы таасирин күчөтүү плацдармы катары Россиянын Сирияны колдонуу боюнча дараметин жана умтулуусун АКШ туура баалай алган эмес. Россия, Иран жана алардын "проксилери" менен түзмө-түз кагылышуулар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошону менен катар Москва сириялык өнөгүн колдоодо кайсы чекке чейин бара аларын аныкташ керек",  — дешет талдоочулар.

Дамаскыга кысым көрсөтүү уламдан улам татаалыраак болуп баратат деп кейишет докладдын авторлору. Биринчи кезекте Россия авиациясынын жана спецназ аскерлеринин жардамы менен фронттун чеги Сириянын борборунан ары жылдырылып, өлкөнүн басымдуу бөлүгү учурда "режимдин" көзөмөлүндө. Башар Асаддын саясий атаандаштарынын колунда азыр эч кандай көзүр калбады. Ошону менен катар күрддөр акырындан Дамаск менен жакындаша баштады. Демек, борбордук өкмөт өлкөнүн чыгышын жана түндүгүн өз көзөмөлүнө кайтарышы мүмкүн.

"Ислам мамлекети" дагы эле коркунуч туудурат

2018-жылдын декабрында Дональд Трамп "Ислам мамлекетин" жеңдик деп жарыя кылган. Бирок талдоочулардын пикиринде, куралдуу топтор толугу менен жок кылынган эмес. АКШнын өнөктөрү "Ислам мамлекетинин" Сириядагы акыркы таяныч пунктуларын 2019-жылдын мартында басып алышты. Бирок исламчылар Сириядагы жана Ирактагы куралчан топторун башкаруу түзүмдөрүн сактап кала алышты. Демек, алар азыр да олуттуу соккуларды кыла алышат.

"Алыскы келечекте Сириядагы "Ислам мамлекетинин" тагдыры өлкөдө куралчан топтордун башын көтөртпөй тура алган коопсуздук күчтөрүн түзө алабызбы, мына ушуга көз каранды. Бирок "Ислам мамлекетинин" коркунучу – көпкө чейин сакталып турат. Террористтер менен күрөшүүсүн токтотпошу үчүн биз мындан ары да күрддөргө колдоо көрсөтүп турушубуз керек", — дешет докладдын авторлору.

АКШ Сирияны колдоого алган Россия менен Кытайды жазаламай болду. Видео

Дагы бир коркунуч – аскер туткундарынын лагерлери, учурда аларда "Ислам мамлекетинин" он миңге жакын жоочулары кармалып турат. Негизинен алар өлкөнүн түндүгүндө жайгашып, аларды күрд аскердик бөлүктөрү кайтарууда. Алардан сырткары экстремисттердин үй-бүлө мүчөлөрү кармалып турган лагерлер бар. Алардын эң ириси – Аль Холеде террорчулардын 66 миң аялдары жана балдары камакта. Талдоочулардын пикиринде, ал жактарда жоочулар өз үгүт иштерин дагы эле улантып, камактагыларга дем берип турушат, ал эми "Ислам мамлекетинин" жактоочуларын куткарыш үчүн лагерлерге кол салууну пландаштырып келишет.

Камактагыларды кайтарганга күч жетишпей жатканын күрд жетекчилиги бир нече жолу билдирген болчу. Америкалыктар болсо жардам берүүгө шашылышпайт – Вашингтондун пикиринде, ар бир жоочунун ата мекени болгон өлкө өз жаранын өзүнө алып кетип, жазасын бериши керек. Бирок эч ким "өз" террорчуларын кайтарганы шашылбайт, ар түрдүү себептерди айтып, бул ишти создуктуруп келишет.

Көйгөйлүү аймак

Эң чоң маселелердин чордону – Идлиб аймагы. Учурда ал жерде Сириянын, Россиянын, Ирандын жана Түркиянын күчтөрү аракеттенүүдө. АКШнын аскерлери ал жакта жок, бирок америкалыктар "Аль-Каида"* менен байланышта болгон куралчан топторго бир нече жолу авиасоккуларды жасаган. Мамлекеттик эмес курамдардан "Хайят Тахрир аш-Шам", "Хурас ад-Дин", "Сириянын улуттук армиясы", "Хезболла" жана башкалар бар. "Ислам мамлекетинин" жоочулары да кездешет.

"Идлибдин түндүк райондору – оппозиция көзөмөлдөгөн жападан жалгыз аймак болуп эсептелет. Жергиликтүү топтор – 2011-жылы Дамаскка каршы чыккан күчтөрдүн калдыктары болуп эсептелет. 5-марттан бери Идлибде Түркия менен Орусиянын президенттеринин макулдашуусу боюнча убактылуу жарашуу орногон. Бул өлкөлөрдүн аскерлери М4 стратегиялык жолду чогуу көзөмөлдөп, кайтарып турушат", — дешет талдоочулар.

Докладдын авторлору белгилегендей, жоочулардын ок чыгаргандарына карабай азырынча убактылуу жарашуу сакталууда. Бирок ошол эле учурда Түркия Идлибге аскерлерин жөнөткөндү токтото элек, ал эми жакында зарылчылык чыкса аскердик аракеттерди баштаарын билдирди. Демек, Сириядагы согуштун токтошуна дагы көп бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0