Велосипед менен дүйнө кыдырган британиялык эки аял Гиннесс китебине кирди

© Sputnik / Владимир ВяткинВелоспорт. Архив
Велоспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки аял Оксфорддон 2019-жылдын 29-июнунда чыгып, Лондонго 2020-жылдын 18-мартында келишкен. Алар күн сайын 50-60 чакырым аралыкты багынтышкан.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Улуу Британияда жашаган эки аял кыска убакыттын ичинде велосипед менен дүйнө жүзүн кыдырып, Гиннестин рекорддор китебине киришти. Бул тууралуу РИА Новости Upi басылмасына таянып кабарлады.

Билдирмеге ылайык, рекорд жараткан Кэт Диксон менен Раз Марсден экөө тең 50 жаштан ашкан аялдар. Алар Оксфорддон 2019-жылдын 29-июнунда чыгып, Лондонго 2020-жылдын 18-мартында келишкен. Жашы өйдөлөп калган аялдар күн сайын 50-60 чакырым аралыкты багынтышкан.

Коронавирустан айыккандан кийин спорт менен машыкса болобу? Адистин кеңеши

"Спортчулар Франция, Монако, Италия, Словения, Хорватия, Черногория, Албания, Греция, Түркия, Грузия, Индия, Таиланд, Малайзия, Сингапур, Австралия, Жаңы Зеландия, АКШ, Мексика, Марокко, Испания жана Гибралтар өлкөлөрүндө болушкан. Алар 50 миң доллар каражат чогултуп, анын баарын кайрымдуулукка жумшашкан", — деп айтылат маалыматта.

Басылма Кэт менен Раз бир гана аялдар арасында эмес, эркектер арасында да рекорд жаратканын белгиледи. Башкача айтканда, болжол менен 9 айдан ашык убакыт велосипед менен саякатташкан.

Спортчулардын ийгилиги тууралуу эми гана маалым болгону айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0