Азербайжан менен Армениядагы абал. ЖККУ кеңештин отурумун чакырды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЖККУга катышкан өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери. Архив
ЖККУга катышкан өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жекшембиде Азербайжан менен Армениянын чек арачыларынын ортосунда кагылышуу болуп кеткен. Ар ким өзүнүн чындыгын айтууда.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Жаматтык коопсуздук боюнча келишим уюму Азербайжан менен Армениянын чек арадагы чатагынан улам туруктуу кеңештин отурумун шашылыш чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Жыйынды ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась демилгелеген. Ал бүгүн өтөт.

Жекшемби күнү Азербайжандын Товуз району менен Армениянын Тавуш облусунун чек арасында кагылышуу болгон. Азербайжандын Коргоо министрлиги коңшулардын ок аткандыгын айтууда. Бакунун маалыматына караганда, алардын үч аскери каза таап, армян тарап да жоготууга учураган.

НАТОнун активдешүүсү ыкчам аракетти талап кылат. ЖККУнун башкы катчысы менен маек

Армениянын Коргоо министрлиги азербайжандыктар артиллериянын колдоосу менен алардын тирөөч катары кызмат кылган жайын тартып алууга аракеттенген дешти. Еревандын маалыматына караганда, коңшуларында адам өлүмү болгон, өздөрүнүн аскерлери зыянга учураган эмес.

ЖККУга Россия, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0