18:33 01 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD79.4881
  • EUR93.2356
  • RUB1.0286
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1070)
89601

Улуу Британиянын Аба ырайы бюросунун жетекчилиги климаттын акыркы беш жылдагы өзгөрүүлөрүн дүйнө жүзүндөгү алдыңкы тажрыйбалуу метеорологдордун изилдөөлөрүнө таянып жыл сайын жарыялап турат.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Акыркы беш жыл тарыхта эң жылуу жылдардан болду. Ал эми алдыдагы беш жылда абанын температурасы дагы бир жарым градуска жогорулайт. Бул тууралуу климаттык божомолдор Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун сайтына жарыяланды.

Эксперттер билдиргендей, акыркы беш жыл тарыхтагы эң ысык жылдардан болгон.  Ал эми келе жаткан беш жылда абанын температурасы дагы бир жарым градуска жогорулашы мүмкүн.

"Биздин алдыбызда өтө татаал маселе турат, аны чечүү оор болчудай. Биздин максат —  температураны өнөр жай өнүгө элек заманга чейинки температурадан да эки градуска төмөн кармап туруу. Бул климаттын өзгөрүшүн Париж макулдашуусунун алкагында карап чыгуу керек", — деди уюмдун башкы катчысы Петтери Таалас.

Келерки беш жылдагы ысык рекорддук көрсөткүчкө жетет

Анын айтымында,  бул божомолдор табигый олку-солкулукту, ошондой эле адамдын климатка тийгизген таасири эске алынып чыгарылган, бирок  COVID-19 пандемиясынан улам аэрозолдор жана күнөсканалардан чыккан газдардын өзгөрүүсү эсепке алынган эмес.

Уюмдун башчысы мамлекеттер пандемиянын дүйнөлүк экономикага тийгизген терс таасирине карабастан экономиканы калыбына келтирүү программасына климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн жолдорун да камтуусу зарыл деди.

Улуу Британиянын Аба ырайы бюросунун жетекчилиги климаттын акыркы беш жылдагы өзгөрүүлөрүн дүйнө жүзүндөгү алдыңкы тажрыйбалуу метеорологдордун изилдөөлөрүнө таянып жыл сайын жарыялап турат.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1070)

Тема боюнча

КРде кырдаал эң начар сценарий менен өнүгүп жатат. Министрлик COVID тууралуу
COVID: зарыл болгон жардамды бир жерге топтогон жаңы сайт ишке кирди
COVID: Казакстанда 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды
Белгилер:
Париж, пандемия, климат

ЭҢ МААНИЛҮҮ