Онколог рак илдетин чакырган азыкты атады

CC BY-SA 2.0 / star5112 / JOH_5778Приготовление еды
Приготовление еды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер бул азыктан баш тартуу же аны азыраак колдонуу бир аз болсо дагы рак оорусуна кабылуу тобокелчилигин азайтарын кошумчалаган.

БИШКЕК, 28-июн.— Sputnik. Мал этин ашыкча колдонуу онкологиялык оорулардын өрчүп кетишине себеп болушу ыктымал. Бул тууралуу онколог Андрей Пылевдин айтканына таянып "Известия" басылмасы жазды.

"Кызыл этти ашыкча колдонуу залалдуу шишикти пайда кыларын билебиз", — деген дарыгер.

Онколог бул азыктан баш тартуу же аны азыраак колдонуу бир аз болсо дагы рак оорусуна кабылуу тобокелчилигин азайтарын кошумчалаган.

Беш симптом адамдын ичеги-карын рагына кабылганынан кабар берет

Буга чейин башка дарыгер-онкологдор рафиннаддалган күн карама майынан баш тартууну сунуштап, ал дагы ракты чакырган азыктардын катарын толуктай турганын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0