Дүйнө пандемиянын кооптуу учуруна кирди. ДССУ жетекчисинин кайрылуусу. Видео

© REUTERS / Denis BalibouseДүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ДССУ жетекчиси эл үйдө камалып отургандан чарчагандыгын, ал эми өлкөлөрдүн бийликтери экономикалык ишмердүүлүктү эртерээк жандандыргысы келип жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйнө коронавирус пандемиясынын өтө кооптуу учурунда тургандыгын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди.

Анын кайрылуусу социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.

​Гебрейесус COVID-19 менен ооруп калгандардын күн санап өсүп жатышы инфекциянын тездик менен таралуусунан кабар берерин эскертти.

"Кечээ бир сутка ичиндеги маалыматтар келип түштү. Дүйнөдө коронавирус жуккан 150 миң жаңы учур катталыптыр. Бул өтө жогорку көрсөткүч. Табылгандардын жарымы Түндүк жана Түштүк Америкага туура келди. Ал аймактарды май айында пандемиянын борбору деп тааныганбыз. Азыраак катталган сан Түштүк Азия менен Жакынкы Чыгышта болуп жатат", — деген Гебрейесус.

Ал эл үйдө камалып отургандан чарчагандыгын, ал эми өлкөлөрдүн бийликтери экономикалык ишмердүүлүктү эртерээк жандандыргысы келип жаткандыгын айтты.

Шаар тургуну Пекиндеги клиникада текшерүүдөн өтүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайрадан чыгып... Кытайда бир суткада 44 кишиден коронавирус аныкталды
"Вирус мурдагыдай эле тездик менен таралууда жана мурдагыдай эле кооптуу болуп турат. Ал эми планетанын көпчүлүк жашоочулары бул инфекциянын алдында алсыз", — деген ДССУнун жетекчиси.

Аталган уюмдун акыркы маалыматтарына таянсак, дүйнөдө COVID-19ду 8,35 миллионго чукул адам жуктуруп, алардын ичинен 450 миң адам каза тапты.

Кыргызстанда 19-июнга карата 2 789 адам коронавирусту жуктуруп алса, анын 1 961и айыгып чыкты. 32 адам көз жумду. Ал эми Бишкекте ооруну жугузуп алгандардын саны 1 016 киши деп катталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0