Биринен сала бири банкрот болуп... АКШ сланец туңгуюгунан чыга албай калабы

© AP Photo / Gregory BullДобыча нефти в США
Добыча нефти в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШда ушу тапта нефть өндүрүүнүн көлөмү кескин төмөндөп кетти. Газ жана мунай бургулоочу жабдуунун саны кыскарып, өндүрүш күндөн-күнгө азаюуда.

Азыркы учурда компаниялар жапырт банкрот болгонун жарыялап, ишин токтотуп жатат. Июнда сланец өндүргөн ири компаниянын бири Extraction Oil & Gas да курмандыкка айланды. Божомолдорго караганда, быйыл эле банкротко жүздөн ашуун фирма тушугат. Аналитиктер эгер нефть баасы кризиске чейинки нугуна кайтпаса сланец тармагынын күнү бүтөт деп эсептешүүдө. РИА Новости ушул маселе боюнча ой толгогон.

Кен казуунун азайышы

2019-жылы америкалыктар нефть казууда Россия менен Сауд Аравиясын артка калтырып биринчиликке чыккан эле. Мында аларга сланец мунайы жардам берип, 70 жылдан бери биринчи жолу АКШ кара алтындын нетто-экспортеруна айланган.

"Нефть өндүрүшү күтүүсүз нерселерге бай, сланец революциясы мунай баасына, өндүрүш менен соодага бир топ өзгөртүү киргизди", — деген ошол учурда кичүү Жорж Буштун энергетика боюнча мурунку кеңешчиси, Rapidan Energ консалтинг компаниясынын жетекчиси Боб Макнели.

ОПЕК логотиби жана оюнчук мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай мунасасы: жаңы келишим жалпыга тегиз пайдалуубу?
Ал убакта бул жаатта көйгөй 2021-жылы гана башталат деп болжолдонгон, бирок коронавирус пандемиясы өз эрежесин киргизди өңдөнөт. Энергияга суроо-талап азайып, баа түшүп кетти. Мындан биринчи кезекте карызга белчесинен баткан сланецчилер жабыркады. Дал ушул тармакта иштегендер Россия менен Сауд Аравиясынын ортосундагы баа согушунун курмандыгы болушту. Вашингтон рыноктун кыйроосуна Москваны айыптап келет. Айтымында, орустар америкалык өндүрүшчүлөрдү рыноктон сүрүп чыгаруу үчүн ушундай кадамга барган.

АКШда нефть казуу көлөмү бир нече ай аралыгында кыскарып, күнүмдүк көрсөткүч 13,1ден 11,1 баррелге чейин төмөндөдү. АКШнын Энергетика боюнча маалымат башкармалыгы (EIA) бул көрүнүш мындан ары да начарлай берет деген пикирде.

Банкрот толкуну

Haynes & Boone маалыматы боюнча, январдан тарта жалпы карызы 25,2 миллиард долларга жеткен 36 нефть жана газ компаниялары банкротко кептелген. Алардын арасында Whiting Petroleum, California Resources жана бул тармактын башатында турган Chesapeake Enеrgy сыяктуу ири сланецчилер бар.

"Ташы өйдө кулап турган кезде Chesapeake америкалык газды болушунча алып турган, анын баасы 38 миллиард долларды чапчыган эле. Chesapeake сланец казуу моделинин шаблонун түзүп кетти десек болот. Бирок азыр кыйрап жатканына күбөбүз", — деп жазды Bloomberg.

Июнда Extraction Oil & Gas компаниясы пайыз боюнча карызын төлөй албай банкрот процедурасын баштоо үчүн сотко кайрылган.

Financial Times гезити белгилегендей, Extraction компаниясынын абалы киреше түшпөй, банктар насыя берүүнү кыскарткандан кийин начарлап кеткен. Май айында инвесторлор ишмердүүлүк токтошу мүмкүндүгү тууралуу кабардар болушкан.

Нефть казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ өз мунайынан кол жууйбу? Өмүрү кыска лидерлик
Rystad Energy уюмунун божомолу боюнча, быйыл АКШнын 140ка чукул нефть жана газ өндүргөн компаниясы банкротко кабылат. АКШда сланец өндүрүшү суткасына беш миллион баррелге чейин кыскарып кетиши ыктымал.

Пандемиядан улам суроо-талап азайып кеткендиктен өндүрүштүн мурунку көлөмүн кайтаруу дээрлик мүмкүн эмес. "Ал деңгээлге жетүү үчүн жылдар керек окшоп калды, жетери да күмөн", — деп жазат The Wall Street Journal.

Далластын Федералдык резерв банкынын иликтөөсүнө ылайык, Батыш Техастагы салыштырмалуу арзан делген Permian бассейнинде да пайда көрүү үчүн нефтинин баррели орто эсеп менен 49 долларга бааланышы керек. Ал эми 40 долларлык баа менен жыл соңуна чейин өндүрүшчүлөрдүн 15 пайызы гана аман жетет.

Бирок сланецчилерди сактап кала турган кымбаттоонун карааны да көрүнбөйт. EIA башкармалыгынын божомолу боюнча Brent баасы 2020-жылы 34,13, 2021-жылы 45,62 доллардын тегерегинде болот. Ал эми Батыш Техастагы WTI быйылкы бааны 30,10, эмдиги жылкыныкын 43,31 доллар деп бычты.

Эгер нефтинин баасы пандемия башталганга чейинки наркка келбесе, АКШнын сланец индустриясы кыйроого учурай турганын Австралиянын "Экономика жана дүйнө институту" аналитикалык борбору да эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0