Кандай адамдар дистанттык түрдө натыйжалуу иштейт. Иликтөө

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАял онлайн сабак берип жатат. Архив
Аял онлайн сабак берип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө карантин жарыяланып, учурда миллиондогон киши дистанттык түрдө иштөөгө аргасыз болууда.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Адам карантинге карабай өзүн канчалык эркин сезсе, ошончолук дистанттык түрдө натыйжалуу иштейт. Бул тууралуу Монреаль университетинин (Канада) окумуштууларынын иликтөөсүнө таянып Daily Mail басылмасы жазды.

Адистер үйдө иштөө канчалык натыйжалуу экенин билүү үчүн 1600 кишиден сурамжылаган.

"Респонденттер арасында карантиндик чектөөлөргө карабай өзүн эркин сезгендер үйдө иштегенден бери бир күндө мурдагыдан көбүрөөк тапшырма аткарганга жетишип, өзүнө-өзү ыраазы болуп жатканын айтышты", — деп жазылат макалада.

Ал эми сырт менен байланышы чектелип калганына көбүрөөк кыжырлангандар өз милдетин ойдогудай аткара албай жатканын билдиришкен.

Адистердин айтымында, бул нерсе адамдын психологиялык өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды болушу мүмкүн. Мисалы, карантинде өзүн начар сезгендер жамаатта, көп кишинин арасында иштегенди жакшы көргөндөр.

Киши бетин жабып отуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орто жаштагы адамдар эмне себептен стресске көп кабылат? Иликтөө
"Булар көп тапшырманы аткарууда кесиптештеринен кеп-кеңеш алып турууну жакшы көрөт жана алардын оюнан көз каранды. Ал эми өзүн эркин сезген адамдар көп нерсеге байлана бербейт. Ошол себептүү үйдүн түйшүгүн дагы этибар албай, өзүн толугу менен жумушка арнап, көбүрөөк иш кылууга жетишет", — дейт окумуштуулар.

Эске салсак, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Ошондон бери дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө карантин жарыяланып, учурда миллиондогон киши дистанттык түрдө иштөөгө аргасыз болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0