1945-жылы согушту АКШ менен Британия жеңген деген Ак үйгө Россия жооп кайтарды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүВашингтон шаарында АКШ ак үй. Архив
Вашингтон шаарында АКШ ак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Ак үйдүн Instagram тармагындагы баракчасына 1945-жылы нацисттик Германияны АКШ менен Улуу Британия жеңген деп жазылып, Советтер Союзу тууралуу кеп козголгон эмес.

БИШКЕК, 10-май – Sputnik. Москва Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарын жана СССРдин андагы ролун бурмалоого аракет жасаган АКШ менен “олуттуу сүйлөшүү” жүргүзүүнү ниеттенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости РФтин Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин Ак үйдүн Instagram менен Twitter тармагындагы баракчасына 1945-жылы нацисттик Германияны АКШ менен Улуу Британия жеңген деп жазылып, Советтер Союзу тууралуу кеп козголгон эмес. Посттун алдына жүздөгөн адамдар нааразы комментарийлерин калтырышкан.

“Тарыхты бурмалоо үчүн жасалган аракеттер ызалантпай койбойт. Улуу жеңиштин 75 жылдык юбилейинде дагы Вашингтондо ушундай жагымсыз аракеттер токтотулбай койду. Өкүнүчтүүсү, мындай мамиле 25-апрелде президенттер Владимир Путин менен Дональд Трамптын 1945-жылы Эльбада советтик жана америкалык жоокерлер кездешкен тарыхый окуяга карата айткандарына каршы келет”, - деп ТИМден билдиришти.

Ошондой эле ведомство америкалык аткаминерлер канчалаган жоготууларга учураган Кызыл Армия тууралуу ооз учунан болсо дагы бир ооз кеп айтып коюуга эрки жетпегенин сындады. Вашингтондун Советтер Союзу менен Россияны жакшы көрсө да, жаман көрсө да тарыхтагы фактыларды жокко чыгарып салганы туура эмес экендигин баса белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0