БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиядагы Прогрессивдүү билим берүү институтунун адистери пандемиядан кийин кайсы кесиптерге суроо-талап өсөрүн айтып берди. Алардын пикирин РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, пандемия аяктаган соң кризистик учурда ишкананы алдыга жылдыруу, каражатты туура сарптоо боюнча консультанттар абдан зарыл болот.
Мындан тышкары көпчүлүк ишканалар дистанттык түрдө иштөөнү уюштура алган программист, контент-менеджер, SMM-адистерди издешет.
"Жумуш берүүчүлөр Call-борборлорго консультанттарды, интернет-дүкөндөргө сатуучуларды, курьерлерди, айдоочуларды жана диспетчерлерди дагы талап кылышат", — деп айтылат кабарда.
Ошондой эле сантехник, эмерек чогултуучу, сүрөтчү сыяктуу адистер жумушсуз калбай турганы белгиленди.
Коронавирус тууралуу
Жонс Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 5-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3 600 106га жетти.