Коронавирус каттала элек 17 мамлекет бар. Тизме

© AFP / ED JONESПхеньян. Северная Корея
Пхеньян. Северная Корея - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө жүзү боюнча коронавирус инфекциясына кабылгандардын жалпы саны эки миллион адамга жакындап калды.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө COVID-19 каттала элек мамлекеттердин тизмеси кыскарып жатат. Бул тууралуу Al Jazeera Жон Хопкинс университетинин (АКШ) маалыматтарына таянуу менен жазды.

13-апрелге карата Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 193 мамлекеттин 17си коронавирус катталганы боюнча расмий жарыялай элек. Алар:

  • Вануату;
  • Кирибати;
  • Түндүк Корея;
  • Комор аралдары;
  • Лесото;
  • Маршалл аралдары;
  • Микронезия;
  • Науру;
  • Палау;
  • Самоа;
  • Сан-Томе жана Принсипи;
  • Соломон аралдары;
  • Тажикстан;
  • Тонга;
  • Түркмөнстан;
  • Тувалу;
  • Түштүк Судан.

Сингапур. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19дан кийин экономикасын тез калыбына келтирет деген 5 өлкө. Тизме
Адистердин айтымында, жогоруда аталган мамлекеттердин кээ биринде тест системанын жоктугуна байланыштуу дагы коронавирус аныктала элек болушу мүмкүн. Ал эми айрым мамлекеттердин географиялык жайгашкан жерине байланыштуу вирус жете элек.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө илдетке кабылгандардын жалпы саны 1,85 миллиондон ашты. Алардын 435 миңи сакайып кетсе, каза тапкандардын саны 114 331ге жетти.

Оору жуктургандардын сап башында АКШ турса (557 590), экинчиде Испания (166 800), үчүнчүдө Италия (156 363) турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0