Кытайда өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок

© Sputnik / Мигель Кандела / Медиабанкка өтүүГонконгтун метро станциядагы кишилер. Архив
Гонконгтун метро станциядагы кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан Кытайда COVID-19 вирусуна кабылгандардын саны 82 697 болду, көз жумгандар үч миңден ашат, ал эми сакайгандар жетимиш миңден көп.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кытайдын материк бөлүгүндө өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусунан бир дагы адам каза тапкан жок. Мындай көрсөткүч январда гана болгонун РИА Новости жазды.

Ага ылайык, сутка ичинде 89 киши айыгып, 12 адам вирусту жаңыдан жуктурган.

Бейтапты ооруканага апараткан тез жардам кызматкерлери, Тегаран - Sputnik Кыргызстан
Иранда COVID-19 жуктурган 100 жана 106 жаштагы эки карыя сакайып кетти
Жалпысынан Кытайда COVID-19 вирусуна кабылгандардын саны 82 697 болду, көз жумгандар — 3 335, ал эми сакайгандар — 77 393. Учурда 200дөн ашуун кишинин абалы оор.

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

7-апрель түшкө чейинки убакытка ылайык, дүйнө боюнча коронавирусту 1 347 892 адам жуктуруп, анын 284 802си вирусту жеңди. Ал эми көз жумгандардын саны 74 808 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0