Коронавирус 100дөн ашык өлкөгө тарады. Акыркы маалымат

© REUTERS / THOMAS PETERМедициналык маска кийген бала жана кыз
Медициналык маска кийген бала жана кыз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми Кытайда абал турукташып калды. Тагыраагы, бир нече күндөн бери жуктургандардын саны 80 миңден аша элек. Мисалы, 7-мартта — 80 651, 8-мартта — 80 695 болсо, бүгүн 80 735 адам катталды.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Акыркы бир сутканын ичинде COVID-19 коронавирусун дагы 4 миңдей киши жуктурду. Бирок алардын көбү Кытайдан тышкаркы мамлекеттерде. Мындай бүтүмгө Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка таянып келүүгө болот.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы коронавирус коркунучунан улам кудайдан амандык, биримдик жана тынчтык тилеп түлөө өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Муфтият коронавирус коркунучунан улам түлөө өткөрдү
Мисалы, Италияда коронавирус жуктургандардын саны 8-март күнү 5883 болсо, бүгүн 7375ке жетти. Түштүк Кореяда бул көрсөткүчтөр 7134төн 7382ге, Иранда 5423төн 6566га көтөрүлдү. Ошондой эле вируска кабылгандар Франция (1209 киши) менен Германияда (1040 киши) көбөйүп кеткенин байкоого болот. Негизинен 9-марттагы маалыматка караганда, коронавирус жайылган мамлекеттердин саны 100дөн ашты.

Ал эми Кытайда абал турукташып калды. Тагыраагы, бир нече күндөн бери жуктургандардын саны 80 миңдин тегерегинде турат. Мисалы, 7-мартта — 80 651, 8-мартта — 80 695 болсо, бүгүн 80 735 адам катталды.

Учурда вируска кабылгандардын саны 110 034кө жетти. Алардын арасынан 3825и көз жумуп, 61 977 киши сакайып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0