00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:08
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
Доктора для почв: как учат кыргызских аграриев лечить «уставшую» землю
20:11
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кытай: коронавирустун түрү менен ооруган дагы бир адам көз жумду

© AFP / STRБейтапты карап жаткан дарыгерлер. Архив
Бейтапты карап жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтарга караганда, коронавирустун бул түрү 41 кишиге жуккан, алардын 12си оорукандан жакшы болуп чыкты. Беш адам оор абалда жатат, экөө көз жумду.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Коронавирустун түрү катталган Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань аймагында экинчи адам аталган оорудан көз жумду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Шаар бийлиги аталган вирустан 11-январда бир адам каза тапкандыгын билдирген эле.

"Акыркы маалыматтарга таянсак, коронавирустун бул түрү 41 кишиге жуккан, алардын 12си оорукандан жакшы болуп чыкты. Беш адам оор абалда жатат, экөө көз жумду. Калган бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда", — деп айтылган билдирүүдө.

Вирус өмүрүн алган адамдын 69 жаштагы эркек киши экендиги айтылды. Ал 31-декабрда ооруп калган, ал эми 4-январда абалы оорлогон. Дарыгердин аракетине карабай 15-январда каза болгон.

Мындан сырткары, оорулуу менен байланышта болгон 763 кишинин 644ү медициналык байкоодон өткөн. Учурда медиктер текшерип жаткан 119 адамдан оорунун окшош белгилери табылган эмес.

Вирустун катталган башка учуру кездешкен жок.

Белгилей кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Анда 5-январга карата 59 киши илдетти жуктурганы маалым болгон. 9-январда кытайлык эксперттер оорунун козгогучу коронавирустун жаңы тиби экенин болжошкон.

Российские медики разработали вакцину против лихорадки Эбола - Sputnik Кыргызстан
Кытайда пайда болгон жаңы оору Кыргызстанга өтүшү мүмкүнбү? Министрликтин жообу
Ооруну жугузуп алгандардын көбүнүн деңиз азыктарын дүңүнөн саткан  базарга тиешеси бар экендиги айтылган. Салыштыра келгенде алардын бир катары ал базарга барбагандыгын айтышкан.

Буга чейин Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун жетекчиси Мария Ван Керкхове Ухань шаарында кездешкен вирустун бул түрү адамга аба аркылуу жугушу мүмкүндүгүн айткан эле. Анткен менен аталган уюм соодага же адамдардын ары-бери катташына чектөө коюлбашы керектигин эскерткен.

Бирок мамлекет ооруну тезинен аныктап жана ошондой эле ыкчамдык менен бейтаптарды дарылоого милдеттүү. Ухань шаарынын Саламаттык сактоо боюнча комитети вирус чектелген түрдө болсо да кишиден кишиге жугушу мүмкүндүгүн айткан.

Коронавирус — өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Алгач ирет 1965-жылы пайда болгондугу байкалган. Адамдардын, үй жаныбарларынын, куш, чочко, ири мүйүздүү малдын саламаттыгын жабыркатат. Оорудан дем алуу органдары, ичеги-карын, нерв системасы зыян тартат.

Кытайда пайда болгон жаңы вирус Кыргызстанга өтүп кетпеши үчүн кыргыз-кытай чек ара бекеттеринде медициналык көзөмөл күчөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0